Азербайжанда полиция 19-октябрда өтчү каршылык акциясын алдын алып активисттерди жапырт кармап жатканын Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши билдирди. Аталган кеңеш ишемби күнү баш калаа Бакунун борборунда митинг өткөрүп, анда шайлоо системасынын реформаланышын, саясий туткундардын бошотулушун жана башка талаптарды коюшмак.
Баку мэриясы акцияны өткөрүүгө уруксат берген эмес. Аткаминерлер митингди шаар четиндеги кыштактардын биринде уюштурууну сунушташкан. Бирок ага оппозиция өкүлдөрү макул болушкан жок. Көп өтпөй Баку полициясы мыйзамсыз акцияга жол берилбесин билдирген.
Кармалган активисттердин көбүн полицияга баш ийбегендиги, майда бейбаштыктарга барганы үчүн айыптап жатышканы маалымдалды. Бирок полиция башкармалыгынын маалымат катчысы бул тууралуу кабардар эмес экенин айтты.
8-октябрда Баку шаарындагы оппозициянын митингине бийлик уруксат берген. Бирок аны өткөрүү шартын бузду деген негизде ондогон кишини кармап кетип, бир аздан кийин бошоткон.