Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:32

Апта: Атамбаевсиз сот, АКШга муюган Анкара


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (14-20-октябрь).

Атамбаев сотко катышпайт

Бул аптада Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда, кылмыш дүйнөсүнүн анабашы аттыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып кеткенине байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча баштапкы соттук угуу өттү.

Сот жараянына эң башкы айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышуудан караманча баш тартты. Анын адвокаты Замир Жоошев Атамбаев сот акыйкат чечим чыгарарына ишенбей турганын билдирди:

- Алмазбек Шаршенович «сот жана күч органдары мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен бийликтин тапшырмасын аткарып жатат. Ошондуктан ал сотко катышпайм» деп айтты. Негизи мыйзамга ылайык айыпталып жаткан адам сотко катышууга тийиш. Бирок Жазык-процесуалдык кодекстин 275-беренесине ылайык айыпталуучу «ишти менсиз эле карай бергиле» деп кайрылса баштапкы соттук жыйындарды айыпталуучунун өзү жок эле же башкача айтканда Алмазбек Шаршеновичтин катышуусу жок эле карай берсе болот.

Биринчи май райондук соту Атамбаевдин сотко катышпоо тууралуу арызын канааттандырды. Ошондой эле судья ишти мындан ары жабык карап териштирүүнү туура көрдү.

Буга 27-томдон турган тергөө материалдарынын акыркы томундагы "купуя сыр камтылган" деген белги негиз болду. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев бир томдун айынан бүтүндөй сот жараяны жабык өткөнү жатканын айтты:

- Сот отуруму башынан аягына чейин жабык өткөнү калды. Бул туура эмес. Анткени болгону «27-том мамлекеттик купуя сырды камтыган том» деп таанылган. Калган 26 том эч кандай сырды камтыбайт. Ошондуктан сотту ачык өткөрүш керек болчу. 27 томдо бир да купуя сыр болбосо да сот бир гана томго таянып сотту толугу менен жабык өткөрүүнү максат кылган, - деди Жоошев.

«Купуя сыр» деген белгиси бар 27-томдо экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетовдун көрсөтмөсү бар.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Атамбаевдин соту жабык өткөнү жатканын айыптады. Ал 17-октябрда парламенттин жыйынында президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевге ушул суроо менен кайрылды:

- Эмне үчүн экс-президенттин соту жабык өтүшү керек? Эмне үчүн соңку өткөрүлгөн беттештирүү купуя бойдон калууда? Эгер соттун баары мыйзамды сактоо менен өтүп жатканын көрсөткүңөр келсе сот эмне үчүн жабык болушу керек? Демек, тилекке каршы, бүгүнкү күндө бийликтики эмес, экс-президенттики туура.

Дыйканбаев Карамушкинанын суроосун жоопсуз калтырды.

Азиз Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук угуу бүтүп, сот жараяны 15-ноябрга белгиленди.

Батукаевдин ишиндеги экс-башкы прокурорлор

Ал арада мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевге байланыштуу кылмыш ишин тергөөдө Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтып чыкты. Бул иште өзүнө да айып коюлганын, макамы өзгөрбөгөнүн бышыктады:

- Мен каршы көрсөтмө бердим (ред: Алмазбек Атамбаевге) деп эсептейм. Жалпылап айта турган болсом, ал киши (ред: Алмазбек Атамбаев) көрсөтмө бергенин (ред: Батукаевди бошотуу тууралуу) өзүнүн оозунан билем. Мен ошону айтып бердим (ред: тергөөгө). Мен башында айткан боюнча эле эч бир сөздөн кайткан жокмун. Мен «Батукаевдин бошотулушуна эч кандай тиешем жок, ал кеткенге чейин маалымат болгон эмес» деп айткам. Башка маселе - Атамбаев өзү көрсөтмө (ред: Батукаевди бошотуу тууралуу) бергенин айткан. Бирок «мыйзамсыз кылып жатам» деп эч ким айткан эмес. Ал «мыйзамдуу болуп жатат» деп ынандырууга аракет кылган.

Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты

Бул кылмыш ишинин алкагында мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаевага Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов каршы көрсөтмө бергени ачыкка чыкты.

Жолдубаеванын адвокаты Алия Турумбекованын "Азаттыкка" билдиришинче, Эрматов Батукаевдин ишин караганы жатканда, ошол кездеги президенттик аппараттын сот реформа бөлүмүн жетектеп турган Жолдубаева телефон чалган деп айтып берген:

- Мен анын (ред: Жапар Эрматов) көрсөтмөсүн сөзмө-сөз айтып бере турган болсом ал «Индира Жолдубаева эгерде негиз болсо өтүнүчтү канааттандырып коюуну (ред: Азиз Батукаевди абактан бошотуу боюнча өтүнүчтү) суранган» деп жатат.

Бирок Жолдубаева мурдагы судьяга телефон чалганын четке кагууда.

Башкы прокуратура Жапар Эрматовду Батукаевдин оор дарты тууралуу материалдарды кылдат иликтебей туруп эле аны канааттандырып, кримтөбөлдүн Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзгөн деп айыптаган. ​Ага «Көз көрүнөө калыс эмес өкүм же башка соттук акт чыгаруу», «Коррупция» беренелери менен кылмыш иши козголгондон кийин, президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунун райондор аралык сотунун судьясы кызматынан бошоткон.

Кримтөбөл Азиз Батукаев мындан алты жыл мурун «айыккыс илдетке чалдыкты» деген жүйө менен абактан мөөнөтүнөн мурда бошонгон. Кыргыз милициясы бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин кайра тергеп, сотко жөнөткөн.

Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 15тен ашык мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган. Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иши козголгон 14 адам тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан алардын макамы өзгөртүлгөн.

Учурда бул иш боюнча «Коррупция» беренеси менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө.

Ал эми тергөө менен кызматташууга баргандардын арасында мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, азыркы депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.

Ал ортодо, 18-октябрда акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде абакта камалып отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен амандашып, ал-акыбалын сурап чыкты. Мамытовдун "Азаттыкка" билдиришинче, анда Атамбаев саламаттыгына жана башка жагдайга байланыштуу такыр даттанган эмес. Акыйкатчы башка маалыматтарды бере албасын айткан.

Абактан азат болгондор

Узап бараткан аптада ири өлчөмдө пара менен кармалып, узак мөөнөткө соттолгонуна карабай ар кандай жолдор менен бошоп кеткен, жазадан жеңил кутулган мурдагы жооптуу кызматкерлерге байланыштуу сын-доомат күчөдү.

Маселен, «Манас» эл аралык аэропортуна мындан беш жыл мурун беш миллион долларлык зыян келтирген деген шек менен камакка алынган аэропорттун Бишкек филиалынын мурдагы директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыкты.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Бегалиев "күнөөсүн мойнуна алды, тергөө менен кызматташуу шартына көндү жана бул кылмыш ишиндеги башка адамдар тууралуу баалуу маалыматтарды берди" деп билдирди.

Финполиция Бегалиевди өткөн айдын аягында камакка алган. Анда 2014-жылы "Манас" эл аралык аэропортунун юридикалык бөлүмүн жетектеп турган маалда "бул ишкананын жетекчилиги өз кызыкчылыгын көздөп беш миллион долларды офшордук компаниялар аркылуу сыртка чыгарып кеткен" деп билдирген.

Мирлан Бегалиев менен анын жактоочусу соңку жагдай боюнча үн ката элек.

Ал ортодо Жогорку сот тергөө абагынан бошоп кеткен Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жооптуу кызматкери Насирбек Алмаматовдун ишин кайра караганы жатканын кабарлады.

Бишкек шаардык соту быйыл июль айында эле аталган мекемеге караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы
Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу райондук соттун чечимин өзгөртүп, 3,3 миллион сом айып пул салып эркиндикке чыгарып жибергени кокусунан белгилүү болду.

Аны менен катары Бишкек шаардык соту транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары, коррупция үчүн соттолгон Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтүн 14 жылдан эки жылын азайтып, 12 жыл кылып кыскарткан.

Быйыл июль айында Бишкектин Биринчи май райондук соту Жусубалиевди 14 жылга түрмөгө кескен. Сот өкүмүндө ал «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган», «опузалап ири өлчөмдө пара алган» деп тапкан. Өкүмдө Жусубалиев автоунаа жолун куруу боюнча тендерде италиялык компаниянын кызыкчылыгын коргош үчүн акча талап кылганы жана аны кантип, кимдер аркылуу алганы тууралуу тергөөнүн жана сотто сурак бергендердин көрсөтмөсү келтирилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Жусубалиев өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары 2018-жылы декабрда 50 миң доллар пара алды деп кармалган.

Саясат талдоочу Турат Акимов «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштө сот менен прокуратуранын ишмердүүлүгү мамлекет башчысына көлөкө түшүрүп жатканын айткан:

- Азыр президентке ишенбестик пайда болушу мүмкүн. Бүгүнкүдөй соттун чечимдери, тергөөнүн начар жүрүшү боло берсе, кечээ камалгандар чыгып кетсе президентин аброюна шек келтирет.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев коррупцияга каршы күрөшкө көлөкө түшүргөн көрүнүштөр тууралуу сын-пикирлерди негизсиз деп эсептейт. Анын пикиринде паракорчулукка каршы аёосуз күрөш катуу эле жүрүп жатат:

- Коррупцияга каршы укмуштуудай катуу күрөш болуп жатат. Ал эми коррупция менен күрөш болуп жатканда каршылыктар боло берет. Бирок негизинен ири коррупциялык иштер ачылып жатат, - деди депутат.

Коррупция: ким кимди жеңет?
Коррупция: ким кимди жеңет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:06 0:00

Анкара АКШнын "акылына" көндү

Бул аптада Анкара менен Вашингтон Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына каршы Түркиянын жортуулун убактылуу токтото турууну макулдашты. Анкарада түрк президенти Режеп Тайып Эрдогон АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен жолукту. Дээрлик төрт саатка созулган талкуудан кийин Пенс басма сөз жыйынында Түркия ок атууну убактылуу токтото турууга көнгөнүн сүйүнчүлөдү:

- Бүгүн АКШ менен Түркия Сириядагы ок атууну токтотууну макулдашты. Түрк тарап күрд кошуундары "коопсуз аймактан" чыгып кетиши үчүн "Тынчтык жазы" операциясын 120 саатка токтотот. "Тынчтык жазы" операциясынын алкагында бардык согуштук аракеттер токтотулат жана "Тынчтык жазы" операциясы күрд кошуундарынын отряды чыгып кеткенден кийин биротоло токтотулат.

Пенс Түркия Сириядагы жортуулун биротоло токтоткондон кийин Вашингтон Анкарага карата салган санкцияларын ала турганын белгиледи.

АКШ түрк аскерлеринин күрд кошуундарына каршы жасаган жортуулуна байланыштуу бул өлкөнүн айрым министрлерин «кара тизмеге» киргизген. Санкциялык тизменин сап башында Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар, ички иштер министри Сулейман Сойлу жана энергетика министри Фатих Дөнмез турат жана алардын АКШдагы акчалай операциялары токтотулат.

АКШнын президенти Дональд Трамп Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды туура чечим кабыл алды деп мактап, ыраазычылык билдирди. Аны "эрки күчтүү, укмуш лидер" деп да мактап жиберди. Ал "Твиттердеги" баракчасына "миллиондогон адамдардын өмүрү сакталып калат" деп жазды.

Буга чейин Режеп Тайып Эрдогон Кошмо Штаттардын өкүлдөрү менен жолукканга чейин эл аралык коомчулуктун жортуулду токтотуу боюнча койгон талабын четке кагып жаткан. Анын алдында күрд кошуундарына Сирия өкмөтүнүн жана Орусиянын жоокерлери жардамга келген.

Бирок Анкара менен Вашингтондун ок атууну убактылуу токтото туруу тууралуу макулдашканына карабай, Сириянын түндүк-чыгышындагы Рас-ал-Айн шаарында атышуу уланганы маалым болду. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы билдирди.

Күрддөр Сириядагы "Ислам мамлекети" радикал тобуна каршы күрөштө АКШнын өнөктөшү болгон. Бирок Анкара аларды террорчул топко теңеп келет. Вашингтондо демократтар Трамптын аймактан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечимин сынга алышып, атышуунун токтогонуна карабай Түркияга каршы санкция киргизүү керек деген пикирлерин айтты.

Түрк басылмалары бийликтин расмий өкүлдөрүнө таянып, Анкара АКШ менен болгон сүйлөшүүдө өз мүдөөсүнө жеткенин жазып чыгышты.

Эмки жумада, 22-октябрда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусияга иш сапары менен барат жана кесиптеши Владимир Путин менен жолугат. Талдоочулар анда башкы тема Анкаранын күрд кошуундарына каршы чабуулу, Москванын ага карата мамилеси болорун белгилешет.

Түркия жана анын өнөктөштөрү Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына 9-октябрдан тарта чабуул коё баштаган. Анкара анын аскердик операцияларынын башкы максаты - чек арасына чектеш аймакта «коопсуз аймакты түзүү», ал жерди өзү террордук топко теңеген күрд кошуундарынан арылтуу жана жүз миңдеген сириялык качкындарды ата мекенинен алыстатпай ушул аймакка жайгаштыруу экенин билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG