Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Бакуда нааразылык акциясында полиция 60тай адамды кармады


Бакудагы митинг. 19-октябрь, 2019-жыл.
Бакудагы митинг. 19-октябрь, 2019-жыл.

19-октябрда Азербайжандын борбору Баку шаарында уруксат берилбеген митингдин алдында полиция оппозициянын ондогон өкүлдөрүн кармап кетти. «Азаттыктын» азери кызматы кабарлагандай, кармалгандардын арасында «Элдик фронт» партиясынын төрагасы Али Керимли да бар.

Журналист Хадижа Исмаилованын айтымында, полиция тыюу салынган митинг болчу жерге каттачу үч метро станциясын жапкан. Буга чейин Баку мэриясы акцияны өткөрүүгө уруксат берген эмес.

Оппозиция өкүлдөрү «митинг өтчү жер» деп белгилеген аймакка эл жыйнала баштаганда полиция аларды кармап кеткен. Расмий маалымат боюнча полиция 60 адамды кармаган.

Ишемби күнү Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши өткөрчү митингде шайлоо системасынын реформаланышы, саясий туткундардын бошотулушу сыяктуу талаптар коюлмак.

8-октябрда Баку шаарындагы оппозициянын митингине бийлик уруксат берген. Бирок аны өткөрүү шартын бузду деген негизде ондогон кишини кармап кетип, бир аздан кийин бошоткон. (BTo)

XS
SM
MD
LG