Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

«Фактчек» Памирбек Асанов кызматынан кетиши керек экенин жазды


Памирбек Асанов.
Памирбек Асанов.

Журналисттик иликтөө жана маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоо менен алектенген ​factcheck.kg сайты ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов жаш курагына байланыштуу кызматынан кетиши керек экенин жазды. Ал 16-октябрда 55 жашка толду.

Ички иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, милициянын полковниги Памирбек Асанов 1964-жылы төрөлгөн.

«Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамга ылайык, жетекчилик орунда иштеген, орто жана улук наамдары бар кызматкер 55 жашында иштен бошошу керек. Андан тышкары өз каалоосу менен 50 жашында отставкага кетсе болот.

Памирбек Асанов ички иштер министринин орун басары болуп ушул жылдын 13-августунда дайындалган. Ал чуу менен кызматтан кеткен Курсан Асановдун ордуна келген. (SE)

XS
SM
MD
LG