Линктер

шейшемби, 12-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:27

Шайлоо мыйзамдары боюнча талкуу өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

КРдин Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында Шайлоо мыйзамындагы жаңыдан киргизилген өзгөртүүлөр боюнча талкуу өтүп жатат. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар-Намыс” сыяктуу партиялардын лидерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Анын жүрүшүндө Шайлоо мыйзамындагы парламентке өтүү босогосун төмөндөтүү жана мыйзамдагы айрым кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар айтылууда.

Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүүдө эрежелерди аныктаган мыйзамдар топтому ушул жылдын август айында күчүнө кирген.

Кыргызстандын президентин, Жогорку Кеңешин, жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Ош шаары менен Бишкек шаарынын макамы боюнча жалпысынан жети мыйзамга өзгөртүүлөрдү камтыган топтомду президентке караштуу жумушчу топ депутаттар менен бирге иштеп чыккан. Ага ылайык, шайлоо босогосу 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатылган.

Буга чейин мындай өзгөртүү келечектеги парламенттин курамына терс таасирин тийгизет деп, аны төмөндөтүүнү буга чейин бир нече саясий күчтөр сунуштаган. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG