Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Көк-Жардын жетекчилиги Конгантиевдин аты көчөгө коюлганын ырастады


Молдомуса Конгантиев.
Молдомуса Конгантиев.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл аймагынын башчысы Эдил Жумалиев округга караштуу Көк-Жар конушунда, «Милициялар шаарчасындагы» көчөгө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аты коюлганы боюнча түшүндүрмө берди. Анын «Азаттыкка» айтканы боюнча өзү аталган кызматка бир жума мурда гана келген, ысым мурдагы жетекчинин тушунда айылдык кеңеш аркылуу ыйгарылган.

- Кагаздарды карап чыксам, «Милициялар шаарчасынын» жашоочулары, алардын ичинде көбүнчө милиция кызматкерлери, генералдар кол коюп, айыл өкмөткө кат түрүндө кайрылышыптыр. Алар өздөрү бизге «ушул генералдын атын коюп бергиле» деп жазышыптыр. Бул 2018-жылдын октябрларында болгон экен. Ошол учурда өйдө жактан «эл каттоо үчүн көчөлөрдүн аттарын тезирээк койгула» деген талап болуп турган. Анан айылдык кеңеш демилге көтөргөндөрдү документтин артына жазып, ошону атайын токтом менен бекитип берген экен, - деди Эдил Жумалиев.

Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Анын 2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени былтыр ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Иш кайра сотко өткөрүлүп, прокуратура Молдомуса Конгантиевди алты жылга камап, 100 миң сом айып пул салууну суранган. Жактоочу тарап анын күнөөсүз экенин айтып, актоону өтүнгөн. Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 5-июлда Молдомуса Конгантиевди кайра актаган.

Былтыр ушул эле Аламүдүн районунун Кырман айылындагы көчөлөрдүн бирине Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Абтандил Кулбараковдун аты берилгени белгилүү болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG