Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Орусия кримтөбөл «Тарону» Испанияга өткөрүп берди


Тариэл Ониани.
Тариэл Ониани.

Орусия Испанияга кримтөбөл, Таро деген каймана аты менен белгилүү Тариэл Онианини өткөрүп берди. Испанияда ага 2006-жылы эл аралык издөө жарыяланган.

66 жаштагы Ониани көркөм өнөр баалуулуктарын уурдаган жана опузалоо менен алектенген уюшма кылмыш тобун түзгөн деп айыпталып келатат. Ал постсоветтик аймакта таасирдүү кримтөбөл катары сыпатталат.

Москвада ишкерди уурдаган деген айып менен камалган Ониани 2019-жылдын 9-апрелинде Оренбургдагы түрмөдөн чыгып, ошол эле күнү Испаниянын өтүнүчү менен кармалган.

XS
SM
MD
LG