Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

NASA озон тешиги кичирейгенин маалымдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түштүк уюлдун үстүндөгү озон тешиги 37 жылдан бери биринчи жолу рекорддук деңгээлге чейин кичирейди. Бул тууралуу АКШнын Космостук агенттиги - NASA кабарлады. Озон тешиги 1980-жылы табылган.

Аэрокосмикалык агенттиктин маалыматына караганда, учурда озон катмарындагы тешиктин орточо көлөмү 9,3 млн. чарчы метрди түзүүдө. Адатта ал сентябрдын аягында, октябрдын башында 20,7 млн. чарчы метрге чейин чоңоюп турат.

– Бул абдан жакшы кабар. Демек, жер шары озондун калың катмары менен капталып, ультрафиолеттик нурлануунун деңгээли азаюуда, – деди окумушту Пол Ньюман.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 1994-жылы 16-сентябрды Озон катмарын коргоонун эл аралык күнү деп жарыялаган.

Озон катмары жерди ультракөгүлтүр нурлардан сактайт. Ал жерден 20-60 чакырым бийиктикте жайгашкан. Окумуштуулардын иликтөөлөрү боюнча болжол менен жерди 5 миллиард тонна озон курчап турат. Озонду талкалоочулар болуп галогендерди кармоочу газдар – фтор, хлор, бром, йод сыяктуу заттар эсептелет.

Хлордук жана фтордук углеводдор аба катмарында 70-100 жыл жашап, озондун молекулаларын жок кылгандыктан анда тешик пайда болушу мүмкүн. Эгер озон тешиги чоңойсо, ал аркылуу жерге өткөн ультракөгүлтүр нурлар жердеги жандыктарды, анын ичинде адамды да өлүмгө дуушар кылат.

XS
SM
MD
LG