Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соттук коллегиясы бүгүн, 24-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктыгын кароону улантып жатат.
Атамбаевдин адвокаты Нурбек Токтакунов менен Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова сөз сүйлөдү. Андан кийин соттук коллегия чечим кабыл алыш үчүн кеңешүү залына кирип кетти.
Ишти кароо 23-октябрда башталган. Ал күнү соттук коллегиянын бир мүчөсү Эркинбек Мамыров курамдан чыгарылган. Иш күнү аяктаганына байланыштуу ишти кароо бүгүнкүгө калтырылган.
Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Атамбаев парламенттин мындай чечимин таануудан баш тартып, анын тарапташтары Конституциялык палатага кайрылышкан.
Алмазбек Атамбаев Конституциялык палата бул маселени карамайынча өзүн тергөөгө күбө катары чакырууну мыйзамсыз деп эсептеп, ага баруудан баш тарткан болчу. Бул окуялар өнүгүп отуруп, 7-8-августта мурдагы президентти Кой-Таш айылындагы үйүнөн тергөөгө күч менен алып келүү аракети башаламандык менен коштолгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын «Альфа» атайын тобунун бир кызматкери курман болуп, бир нече адам жабыркаган. (ErN)