Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

УКМК мамкызматкерлерди киберкоопсуздук боюнча окута баштады


Иллюстрациялык сүрөт.

24-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Компьютердик инциденттерге жооп кайтаруу бөлүмү «Green Light» системалык интегратору менен бирге мамлекеттик органдардын кызматкерлерине кибер коопсуздук боюнча окутуу өтүп жатат.

Анда мамкызматкерлер кибер чабуулдардын жана компьютердик инциденттердин алдын алуу, жооп кайтаруу жана башкаруу боюнча билим алышууда. Практикалык көнүгүүлөр үчүн катышууга кибер коркунучтардан коргонууну иш жүзүндө көрүүгө мүмкүндүк берген «Cisco» компаниясынын «Cyber Defense Clinic» платформасы колдонулууда.

Аталган иш-чаранын ачылышына Коопсуздук кеңешинин, өкмөттүн, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү катышты.

Окутуу өкмөт бекиткен «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясынын жол картасын жана 2019-2023-жылдарга Кыргызстандын кибер коопсуздук стратегиясын ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын негизинде уюштурулуп жатат. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG