Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:06

Атамбаев тарап Конституциялык палатадагы өтүнүчүнүн бир бөлүгүнөн баш тартты


Конституциялык палатанын курамы.
Конституциялык палатанын курамы.

Жогорку Соттун Конституциялык палатасында каралып жаткан Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамдын алынышынын мыйзамдуулугу боюнча жараянда мурдагы президенттин тарапкерлери өтүнүчүнүн бир бөлүгүнөн баш тартты.

Арыз менен кайрылган адвокат Нурбек Токтакуновдун айтымында, «экс-президент саясий ишмердик менен алектенбеши керек» деген норманын Баш мыйзамга дал келишин кароонун кереги жок болуп калды.

- Мен жобону карап чыгып, мындай тыюу жок экенине көзүм жетти. Эгер ал саясий ишмердик менен алектенсе экс-президенттин кепилдигинен баш тартышы керек. Ошондуктан бул пунктту өтүнүчтөн чыгарууну суранабыз, - деди Токтакунов.

«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» жаңы мыйзамдын редакциясында экс-президент саясий ишмердик менен алектенбеши жана партияга мүчө болбошу керек экендиги айтылган. Эгер мындай кадамга барса экс-президентке берилген жеңилдиктерден баш тартышы керек болот.

Бул мыйзам кабыл алынар алдында Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын лидери катары кызмат ордун тапшырып бергенин жарыялаган болчу.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соттук коллегиясы бүгүн, 24-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктыгын кароону улантып жатат. Учурда соттук коллегия чечим кабыл алыш үчүн кеңешүү залына кирип кетти.

Ишти кароо 23-октябрда башталган. Ал күнү соттук коллегиянын бир мүчөсү Эркинбек Мамыров ишти караган курамдан чыгарылган. Буга парламенттин өкүлү Мамыров аталган мыйзам боюнча пикирин алдын ала билдиргени үчүн «ишти кароодо калыстык кыла албайт» деген өтүнүчү себеп болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG