Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Британияда машинеден сөөгү табылгандар кытайлыктар экени аныкталды


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Бул тууралуу Британиядагы айрым жалпыга маалымдоо каражаттары полициядагы булактарына таянып жазып чыгышты. Полиция үрөй учурган окуяга байланыштуу азырынча кеңири маалымат тарата элек.

Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Эссекс аймагында 39 адамдын сөөгү бар жүк ташыган автоунаа табылган. Полиция бул машине өткөн ишембиде Британияга Болгариядан келгенин, өлгөндөрдүн арасында бир өспүрүм бар экенин билдирген.

Полицияга окуя тууралуу «Тез жардам» кызматы 23-октябрга оогон түнү кабар бергени маалым болгон. Азырынча дарыгерлерди ал жерге ким чакырганы белгисиз.

Кылмышка шектүү катары автоунаанын айдоочусу, 25 жаштагы ирландиялык камакка алынды.

2000-жылы да июнь айында Британиянын Дувр шаарында 58 кытай мигранты жүк ташуучу автоунаанын ичинде аба жетпей, думугуп ажал тапкан жана арасынан эки адам аман калган. Бул окуяга байланыштуу автоунаанын айдоочусу камакка алынган.

XS
SM
MD
LG