Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 16:30

Парижде Леонардо да Винчинин сүрөт көргөзмөсү ачылды


Лувр, Леонардо да Винчинин эмгектери коюлган көргөзмө.

Париждеги Лувр музейинде 24-октябрда Леонардо да Винчинин сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Ага он жылдан ашуун даярдык көрүлдү.

Сүрөтчү дүйнөдөн кайткандан бери 500 жыл өткөндүгүнө байланыштуу уюштурулган көргөзмө төрт ай ачык болот. Ага да Винчинин 160 сүрөтү коюлганын жергиликтүү агенттиктер кабарлашты.

Италиялык сүрөтчү, скульптор, архитектор, математик, ойлоп табуучу жана окумуштуу Леонардо да Винчи 1452-жылы төрөлгөн. Көзү өтөрдөн мурда бир канча жыл Францияда жашаган.

Луврда анын көргөзмөсүн уюштуруу 2018-жылдын соңунда суроо астында калган эле. Италиядагы оңчул «Лига» партиясы Францияга сүрөтчүнүн бир канча эмгектерин берүүгө каршы чыккан.

«Italia Nostra» бирикмеси да Винчинин белгилүү «Витрувиандык киши» сүрөтүн Венециядагы галереядан алып чыгууга тыюу салууга аракет кылган. Бирикме бул чыгарма дайыма бир жерде болушу керек экенин, жолдо алып жүрүү ага зыян тийгизерин билдирген. Бирок өткөн жумада Италияда сот сүрөттү Париждеги көргөзмөгө коюуга уруксат берген.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG