Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 21-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:45

Футзал: Кыргызстан Азия чемпионатына жолдомо алды


Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы оюн учурунда. Иран, Урмия шаары. 24-октябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Түркмөнстандын курама командасын 3:2 эсебинде жеңип, 2020-жылы өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алды. Тандоо оюндары ушу тапта Ирандын Урмия шаарында өтүп жатат.

Азиянын футбол конфедерациясынын сайтындагы маалыматка ылайык, 24-октябрда Кыргызстан Түркмөнстандын курама командасы менен беттешти. Оюндун биринчи бөлүгүндө Түркмөнстан курама командасы эки гол киргизип, 2:0 эсебинде алдыга чыккан.

Экинчи таймдын башында кыргызстандык Арстанбек Турсунов бир гол киргизсе, үч мүнөттөн соң Юлдашбай Салимбаев дагы бир гол киргизип эсепти теңеди. Оюндун бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда Арстанбек Турсунов дагы бир гол киргизип, Кыргызстан 3:2 эсебинде жеңишке жетти.

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да Кыргызстан Иран менен беттешет. Бул оюндун жыйынтыгы кандай бүтсө дагы Кыргызстан Азия чемпионатына жолдомо ала турган болду.

Футзал боюнча Азия чемпионатына тандоо оюндарында Кыргызстан Борбордук-Түштүк зона бөлүгүндөгү командалар арасында B тайпасына туш болгон. Бул тайпада Ирандын жана Түркмөнстандын курама командалары бар. 23-октябрда Иран Түркмөнстанды 4:0 эсебинде жеңген.

Борбордук-Түштүк зона бөлүгүнүн А тайпасында Өзбекстан, Ооганстан, Тажикстан жана Непал бар.

Азия чемпионатынын тандоо оюндарында Азия чөлкөмүнүн 31 командасы аймагына жараша Борбордук-Түштүк, Чыгыш, Батыш жана Түштүк-Чыгыш болуп төрт зонага туш келген. Командалар ар бир зонада экиден тайпага бөлүнгөн. Тандоо оюндарынын жыйынтыгында өз тайпасында биринчи жана экинчи орундарды ээлеген 16 команда Азия чемпионатына жолдомо алат.

Азия чемпионаты 2020-жылы февраль, март айларында Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтөт. Түркмөнстандын курама командасы үй ээси катары мелдешке катышат. (GT)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG