Москвада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиядан Кыргызстанга акча которууга кирген чектөө боюнча маселе көтөрдү.
Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан кабарлашынча, өкмөт башчы бул маселе көптөгөн кыргызстандыктарга тиешелүү экенин белгилеп, аны биримдиктин аянтчасында чечүүгө чакырган.
Жыйынтыгында бул маселени ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн Борбордук банктары карап чыгып, жообун кийинки жыйындарга даярдоо чечими кабыл алынды.
Буга чейин апрелде Орусиядан Казакстанга, Кытайга, Вьетнамга, Кыргызстанга акча которууга айына 100 миң рублдик чектөө коюлган.
Буга чейин кыргыз өкмөтү Орусиянын акча которууга киргизген чектөөсү ишкерлик менен алектенген мигранттарга терс таасирин тийгизип жатканын айтып чыккан.(BkA)