Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 21-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:02

Казакстанда акцияга чыккан бир нече адам кармалды


Казакстан, Алматы

Казакстандын Алматы шаарындагы Астана аянтына чыккандарды кармоолор болду. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчылары онго жакын адамды полиция кармап кеткенине күбө болгон.

Кармалгандардын бири Казакстандын аймагына биргелешкен ишкананын ачылышына каршылыгын билдирип, “Кытайдын экспансиясына” макул эместигин айткан.

Дагы бир аял “саясий туткундарды бошотуу” талабын билдирген.

Мындай кармоолор өлкө борбору Нур-Султан шаарында болду. Калаадагы “Астана” концерттик залынын алдынан ондон ашык адамды алып кетишти.

Буга чейин Казакстандагы тыюу салынган “Казакстандык демократиялык тандоо” кыймылы 26-октябрда өкмөткө каршы акцияга чыгууга чакырган.

25-октябрда өлкөнүн Башкы прокуратурасы “мыйзамсыз акцияга чыккандарга карата” чара көрүлөрүн эскерткен.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG