Линктер

жума, 15-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:31

Бишкектеги Москва көчөсү 1-ноябрда оңдолуп бүтөт


Москва көчөсү

Бишкектеги Москва көчөсүн оңдоо иштери 1-ноябрда бүтүп, жол ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда жолду оңдоп жаткан "China Road" компаниясы жолго асфальттын биринчи катмарын төшөдү. Учурда жолдун кесилишиндеги люктар иретке келтирилип жатат. Мындан соң асфальттын экинчи катмары төшөлүп, жол белгиленген мөөнөттө ачылат.

Москва көчөсү Бишкек шаарындагы жолдорду ремонттоо үчүн бөлүнгөн Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жатат. Бул көчөнүн жабылышы шаардын борбордук бөлүгүндө тыгынды пайда кылып, жанаша жайгашкан Токтогул көчөсү эки тараптуу болуп ачылган. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG