Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 23-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:02

ЖЭБ соту: Ширшов менен Елисеевдин көрсөтмөлөрү ишти изилдөө учурунда окулат


Алексей Елисеев.

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот ишинде 2010-жылга чейин Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин төрагасынын мурдагы орун басары Алексей Елисеев жана ошол жылдары энергетика тармагынын «көмүскө кожоюну» атыккан Алексей Ширшовдун көрсөтмөлөрү ишти изилдөө учурунда окулат.

Мындай чечимди ишти карап жаткан Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган кылмыш иши боюнча шек саналып жаткан мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Замирбек Базарбеков билдирди.

- Биз азырынча ишти изилдөөгө өтө элекпиз. Жазык-процессуалдык кодекси боюнча алардын (ред: Алексей Елисеев, Алексей Ширшов) көрсөтмөлөрү ишти изилдөө учурунда окулат. Тергөөчүлөр Ширшов менен Елисеевди өзүнчө тапшырма менен барып сурап келишиптир. Учурда сот жабырлануучулардын өкүлдөрүн, күбөлөрдү жана кошумча күбөлөрдү сурап жатат. Бирок кошумча күбөлөрдүн кээ бирин чакырып, кээ бирин чакырбай коюуда, - деди Базарбеков.

Маалыматка караганда, 23-октябрда мамлекеттик айыптоочу сотто Елисеев жана Ширшовдун көрсөтмөлөрүн окуу өтүнүчүн берип, судья аны канааттандырган.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG