Линктер

жума, 15-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:05

Чек арадан патрон алып өтүүгө аракеттенген казак жараны кармалды


Кыргыз-казак чек арасы.

Кыргызстандын чек арачылары Казакстанга патрон алып өтүүгө аракет кылган адамды кармашты. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя 28-октябрда «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө бекетинде болгон.

Чек арачылар 51 жаштагы казак жаранына таандык АUDI 100 машинесин текшергенде ичинен 12-калибрдеги 10 патрон табышкан. Ал адам Кыргызстандан казак тарапты көздөй өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран кыргыз милициясына өткөрүлүп берилди.

Эки өлкө ортосундагы чек арада жалпы 12 өткөрмө пункту бар, азыркы учурда анын сегизи иштейт. Калгандарын кайра ачуу тууралуу макулдашуулар аткарыла элек. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG