Линктер

ишемби, 16-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:07

«Amnesty International» өзбекстандык блогерди бошотуу өнөктүгүн баштады


Шабнам (Нафосат) Оллашукурова.

«Amnesty International» эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстандагы журналист-блогер Нафосат Оллашукурованын бошотулушун талап кылган атайын кампания баштады. Блогерди өткөн айдын аягынан бери психоневрологиялык диспансерде мажбурлап дарылап жатышат.

Уюмдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин атына жазган билдирүүсүндө «Өзбекстандагы мурдагы бийлик укук коргоочуларды жана журналисттерди психоневрологиялык ооруканага күчтөп жаткыруу ыкмасын колдонгону» белгиленген жана Оллашукурованы мажбурлап дарылоону токтотууга үндөгөн.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар да өзбек бийлигине кайрылып, Оллашукурованы бошотуу тууралуу кайрылышкан.

Ушул жылы жазында Хорезмде журналист Махмуд Ражабга кылмыш иши козголгон. Ал 20дай тууганын алып, өткөн айда ички иштер министрине даттаныш үчүн Хорезм облусунан Ташкентти көздөй жөө жүрүшкө чыккан. Аныи Нафосат Оллашукурова социалдык тармактар аркылуу түз чагылдырып турган. Журналист тууган-уругу менен жолдо камакка алынган. Оллашукуровага да кылмыш иши козголгон жана көп өтпөй эле аны психоневрологиялык ооруканага күчтөп жаткырышкан.

Оллашукурова социалдык тармактардан коррупцияга байланыштуу көрүнүштөрдү, турак жайдын бузулушунан чыккан нааразылыкты да чагылдырып турган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG