Линктер

шейшемби, 12-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:27

Караханид доорундагы күмбөздү жаңылоого АКШ элчилиги көмөктөштү


Караханид доорундагы күмбөз. Өзгөн шаары.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигин Маданий мурастарды сактоо фонду (ЭМСФ) Өзгөн шаарындагы, XII кылымдагы Караханид дооруна таандык күмбөздүн чатырын калыбына келтириш үчүн 150 миң доллар берген.

Калыбына келтирүү иши 2015-жылдын сентябрь айында башталган. Жараян Өзгөндөгү музей демилгелеринин борборунун, Тарыхый жана көркөм чыгармаларды коргоо боюнча Америка институтунун көзөмөлү алдында жүргөн.

Чатыр АКШдан алынып келген курулуш каражаттары менен жаңыланган.

Учурда күмбөздүн чатырын калыбына келтирүү иши аяктады.

Жаңыланган күмбөздүн ачылышына АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу, Сулайман-Тоо археологиялык музей комплексинин жетекчиси Султан Абдрахманов, райондук жана облустук бийлик өкүлдөрү катышты.

Элчи Дональд Лунун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, жаңылоодо күмбөздүн мурдагы калыбы өзгөрүүсүз калды.

- Бул Кыргызстанда биз каржылап жаткан эн чоң долбоор, - деп түшүндүрдү ал. - Анын жыйынтыгы мага өтө жакты. Мен жакында Өзбекстанда болдум. Алар ушул сыяктуу күмбөздөрдү Союз мезгилинде жаңылап чыгышыптыр. Ал эми бул иш таптакыр башка десек болот. Анткени оңдоп-түзөө иштеринде мурунку калыбы ошол бойдон калды. Бул маанилүү жана ошонусу менен да баалуу.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 2002-жылы Жалал-Абад облусундагы XI кылымга таандык Шах Фазил күмбөзүн калыбына келтириш үчүн 24 миң доллар, 2006-жылы Мамлекеттик тарых музейинин 2000 заттан турган уникалдуу алтын чогултмасын өтө зарыл болгон коргоо жана калыбына келтирүү иштерине 51 миң долларлык салым кошкон. Бул долбоор аркылуу алтын коллекцияларын биринчи жолу коомчулукка көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 2008-жылы ЭМСФ А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын, Ысык-Көл облустук китепканасынын, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин китепканаларындагы тандалган уникалдуу байыркы китептерди өз калыбына келтирүү долбоорун колдогон. (MDN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG