Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:49

Кербелада нааразылык акцияларында кеминде 14 адам өлдү


Иракта өкмөткө каршы нааразылык акциялары 1-октябрда башталган.

Ирактын Кербела шаарында 29-октябрга оогон түнү полиция нааразылык акцияга чыккандарга ок атты. «Reuters» маалымат агенттиги ооруканадагы жана күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, анда бери дегенде 14 адам өлүп, 865 киши жаракат алганын кабарлады.

Кербела шиит мусулмандары үчүн ыйык шаар болуп эсептелет.

Багдадда калайман нааразылык акциялары токтобой жаткандыктан коменданттык саат жарыяланган. Шииттердин таасирлүү динаятчысы Моктад ас-Садр өлкөдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чакырган.

Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат.

Бир айдан берки тоз-тополоңдо ажал тапкандардын саны 250 кишиге жетти.

Иракта 40 миллиондой эл жашайт жана ал кара май өндүрүп, экспорттогон дүйнөдөгү бешинчи мамлекет болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG