Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:29

Жаңылыктар

Ливанда нааразылык акцияларынан улам өкмөт башчы кызматтан кетет

Саад Харири.

Ливанда эки аптадан бери токтобой жаткан калайман нааразылык акцияларынан улам премьер-министр Саад Харири кызматтан кетерин жарыялады. Ал 29-октябрда Бейрутта өкмөт кризиске кептелгенин, азыркы жагдайга жооптуу экенин айтты. Харири жарандарды сабырдуулукка, зордук-зомбулукка барбоого чакырды.

Премьер-министрдин бул билдирүүсүнүн алдында Бейрутта акцияга чыккандар менен "Амаль" жана "Хезболла" өңдүү радикал топтордун мүчөлөрү кагылышкан. Тоз-тополоңдо бир канча адам жаракат алган. "Хезболланын" лидери Хассан Насралла өткөн аптанын аягында акцияларды айыптап чыккан.

Ливанда эки аптадан бери түмөндөгөн адамдар көчөгө чыгып, коррупцияга жана салыктардын жогорулашына нааразы болуп, өкмөттүн кетишин талап кылып жаткан.

Толкундоолор 16-октябрда бийликтин «WhatsАpp» жана башка социалдык тиркемелер аркылуу телефон чалууга салык киргизүү боюнча чечимине каршы башталган. Тиркемелерден чалууга айына алты доллар өлчөмүндөгү салык киргизүүнү көздөгөн бийлик бул чечимди жокко чыгарганы менен демонстрациялар уланууда. Ливанда мындай элдик толкундоо 1975-1990-жылдардагы жарандык согуштан бери боло элек болчу.

Жаңылыктардын толук тизмеси

Бишкекте "Балет" эл аралык фестивалы жыйынтыкталат

Опера жана балет театрында өтүп жаткан концерт. 9-ноябрь. 2019-жыл.

Бийчи, СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган фестивалдын гала концерти 17-ноябрда Улуттук опера жана балет театрында болот. Ага Кыргызстандын, Орусиянын жана Казакстандын балет артисттери катышат.

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын 77-театралдык сезону өткөн аптада ачылган. Ачылышка арналган «Жаңылануу эргүү берет өнөргө» деген аталыштагы концертке президент Сооронбай Жээнбеков катышкан. (ZKo)

Беларуста парламенттик шайлоону утурлай митинг болду

Оппозициянын жүрүшү. Минск шаары. 16-ноябрь, 2019-жыл.

Өлкө борбору Минскиде "Европалык Беларус" жарандык өнөктүгүнүн жана "Народная грамада" саясий партиясынын мүчөлөрү 16-ноябрь күнү кечинде Эркиндик аянтында митингге чогулушту. Андан кийин митингчилер БШК тарапка жөө басып барышты.

Жүрүш учурунда аларга белгисиз бирөөлөр кол салып, митингчилердин колундагы ураандарын жана техникаларын жулуп алышкан. Кол салгандар журналисттердин аппаратураларын да тартып алышкан.

БШКнын алдына нааразылыкка чыккандар өздөрүнүн талапкер катары берилген күбөлүктөрүн өрттөп, муну шайлоонун таза өтөрүнө ишенич жоктугу менен түшүндүрүштү.

"Вясна" укук коргоо кыймылынын маалыматына караганда, акцияга 100гө чукул адам катышты.


17-ноябрда Беларуста парламенттик шайлоо өтүп жатат. Парламенттеги Улуттук жыйын палатасындагы 110 орунга 500дөн ашуун талапкер ат салышууда.

Чехияда премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылган митинг өттү

Летенс аянтындагы өкмөт башчыга каршы митингге чогулган эл. Прага шаары. 16-ноябрь, 2019-жыл.

16-ноябрда Прага шаарынын Летенск аянтына чогулган 300 миңге жакын адам өкмөт башчы Андрей Бабиш менен юстиция министри Мария Бенешованын кызматтан кетишин талап кылышты. Эки саатка созулган митингде катышуучулар премьер-министрди коррупциялык иштерге айыптап, оппозициялык партияларды өлкөдөгү саясий кырдаалга таасирин күчөтүүгө чакырышты.

Чехтер өкмөт башчы Андрей Бабиштин өз иши тууралуу мамлекеттик жана жарандык уюмдарга маалымат бербей жатканы европалык өнөктөштөрдүн Чехиядан баш тартуусуна алып келет деп кооптонушууда.

Митингге чыккандар өкмөт башчы Евробиримдиктен алынган акчага байланыштуу мыйзамсыз иштерин иликтөөгө да таасир этүүгө аракеттенип жатат деген шегин билдиришти.

Таласта келиндин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, келинди өлтүрүүгө шектелип кармалгандар Талас районунун тургундары, бирөө 20 жашта, калгандары 25 жашта. Алардын үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

14-ноябрда Талас районундагы Орто-Арык айылында ээн жерден белгисиз келиндин сөөгү табылган. Бул факт боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратуранын билдиргени боюнча, Кыргызстанда 2018-жылы зордуктоо фактылары мурунку жылдарга салыштырмалуу 14% көп катталган. Аксакалдар сотуна, кризистик борборлорго жана түрдүү укук коргоочу уюмдарга кайрылган аялдар былтыр мурунку жылдарга салыштырмалуу 8% көбөйгөн. (ZKo)

Мамдепартамент: АКШ Иран элинин мүдөөсүн колдойт

АКШ Ирандагы "коррупциялашкан режимге" каршы нааразылык акцияларына чыгып жаткан элдин мүдөөсүн кубаттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Морган Ортагус 16-ноябрда "Твиттерге" жазды.

"АКШ коррупциялашкан бийлик режимине каршылыгын билдирип жаткан Иран элин кубаттайт. Биз Иран бийлигинин интернетти өчүрүү аракетин сындайбыз" деп жазды.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео "Твиттердеги" баракчасына "Мен бир жарым жыл мурда Иран элине айткандай эле, Америка сиздер менен!" деп жазды.

Дүйнө жүзүндөгү интернеттин абалын иликтөөчү "NetBlocks" уюму Иранда интернет дээрлик толугу менен өчүрүлгөнүн маалымдады.

Ирандын ички иштер министри Абдулреза Рахмани Фазли мамлекеттик телевидение аркылуу чыгып сүйлөп, митингдер коомдук мүлккө зыяны тийчү болсо, күч органдары чара көрөрүн билдирди.

Иранда элдин нааразылыгы өкмөттүн мунайдын баасын кымбаттатуу жана күйүүчү майды сатууга чектөө киргизүү тууралуу чечиминен кийин күч алган. Эл бир нече шаарларда көчөгө чыгышкан. Сиржан шаарында митингчилер мунай заводун өрттөөгө аракет кылып, бирок күч кызматтары буга жол берген эмес. Натыйжада митингчилерден бир киши каза таап, бир нече адам жаракат алганы кабарланды.

Саймаитинин өлүмү боюнча төртүнчү шектүү кармалды

Айеркен Саймаити.

“Азаттыктын” “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүндө аты аталган уйгур тектүү кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча төртүнчү шектүү кармалды.

Нормахамат А. аттуу адам буга чейин кармалган үч шектүүнүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде колго түшкөнүн 15-ноябрда Түркиянын “Сабах” гезити жазды.

“Ихлас” жаңылыктар агенттиги Нормахамат А. үч шектүү кармалган күнү эртеси же 12-ноябрда Сайматини өлтүрүүдө колдонулган курал менен кошо колго түшкөнүн кабарлады. Агенттиктин маалыматына ылайык, төрт шектүү жума күнү сот органдарынын карамагына өткөрүлүп берилди.

“DHA” агенттиги шектүүлөр Саймаити өлтүрүүлөр алдында Стамбулда автоунаасын жуудурганын, окуядан алыс эмес жерде машина менен жүрүшкөнүн көрсөткөн көзөмөл камераларынан алынган видеону жарыялады.

Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы мейманкалардын биринин кафесинде атып кетишкен. Кытайлык ишкер алган жараатынан улам оорукана каза тапкан. Эртеси күнү аны өлтүрүүгө байланышы бар делген үч киши - сириялык Али Исбех жана кыргыз паспортун алып жүргөн Хусейн Ахметалиев менен Абдулла Энвер - Адана шаарында кармалган. Мамлекеттик каттоо кызматы жогорудагы эки адам "Кыргызстандын жарандары эмес" деп билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейндж Ровер» автоунаасынын номуру Стамбул шаарындагы кыргыз консулдугуна таандык экенин ырастаган. Ал эми жолтандабас окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковго таандык экени аныкталган.

“Азаттыктын” иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Иранда нааразылыкка чыккандардын бирөө өлдү

Ирандагы мунай ташыган танкерлер. Иллюстрациялык сүрөт.

Күйүүчү майдын баасын көтөрүү жана бензин сатууга чектөө киргизүү тууралуу өкмөт чечимине каршы болуп, акцияга чыккандардын бири өлгөн, дагы бир нече адам жараат алган.

Сиржан аймагынын губернатору ал адам белгисиз кырдаалда киши колдуу болгонун маалымдады. Айрым расмий маалыматтарда демонстранттар Сиржанда мунай заводун өрттөөгө аракет кылып, бирок коопсуздук кызматкерлери тарабынан ага жол берилбегени айтылган.


Күйүүчү майдын баасын кескин кымбаттаткан жана бензин сатууга квота киргизген өкмөттүн чечиминен кийин Ирандын Сиржан, Мешхед, Ахваз, Бандар-Аббас, Шира жана башка шаарларында нааразылык акциялары өттү.

АКШнын санкцияларын катаалдашкандан кийин Ирандын экономикасы артка кетип жатканына байланыштуу, өкмөт мунайдын баасын көтөрүү жана бензин сатууну чектөөнү чечкен. Мындай нааразылыктар февраль айына белгиленген президенттик шайлоонун алдында президент Хасан Роуханиге басымдын күчөшүнө алып келүүсү ыктымалдыгы айтылууда.

Казак активисти кайрадан кармалды

Дулат Агадил.

13-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан казакстандык укук коргоочу Дулат Агадил 15-ноябрда Башкы прокуратуранын алдына келген жеринен кайра камакка алынды. Активист өзүнүн мыйзамсыз камалганына каршылык билдирүү үчүн качканын журналисттерге айтууга үлгүрдү.

«Тергөө абагынан качканым чын. Бирок мени беш айдын ичинде беш жолу камашты. Жогорку сот, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура доо арыздарыма көңүл бурган жок. Менимче ал арыздар тергөө абагынан ары чыкпашы мүмкүн. Укугум тебеленди. Эч кандай мыйзам бузган эмесмин" деди Агадил полициянын автоунаасына отуруп жатып.

42 жаштагы Дулат Агадил 4-ноябрда полицияга баш ийбегени үчүн айыпталып, он күнгө камакка алынган. 14-ноябрь күнү сотту сыйлабаганы үчүн ага дагы беш күн камак чегерилгенин Ички иштер министрлиги маалымдаган.

Дулат Агадил нааразылык акцияларын уюштурганы үчүн бир нече жолу он күндүк мөөнөткө кесилген.

Аба ырайы: Тоолуу аймактарда кар жаайт

Кыргызстанда 17-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;

Талас дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 4…9 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында 17-ноябрда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 8…10 градус жылыйт.

Кабулга жакын жерде эки прокурорго кол салышты

Ооганстан коопсуздук кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооган прокурорлор 16-ноябрда Баграм аэродромуна бараткан жерде белгисиз бирөө аткылаган.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Жамшид Расулинин маалыматы боюнча, экөө тең жараат алган. Расулинин айтуусунда, прокурорлор Анас Хаккани баш болгон талибдердин төбөлдөрү кармалып турган түрмөгө бараткан. Анас Хаккани согушкерлердин лидери Сиражиддин Хакканинин бир тууганы.

Анас Хаккани дагы эки талиб менен кошо 15-ноябрда туткундагы АКШ жана Австралия жарандарына алмаштырылууга тийиш болчу. Бирок талибдер булар АКШ менен белгиленген жерге келбегенин маалымдашкан.

Талибдер АКШ университетинин профессору Кевин Кинг менен австралиялык жаран Тимоти Уиксти 2016-жылы августта барымтага алган.

Reuters ооган аткаминеринин сөзүнө таянып билдиргени боюнча, туткундарды алмашуу себепсиз токтогон.

«Талибан» кыймылы чет элдик жарандар менен алмашыла турган мүчөлөрү Катарга жеткирилүүгө тийиш болсо да, Кабулдан чыкпай эле Баграмдагы түрмөгө кайтарылганын маалымдашкан.

Муфтиятта аялдар бөлүмүн ачуу керекпи?

Адилет министрлигинен каттоодон өткөн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставында аялдар менен иштөө багыты камтылбай калды. Сиз муфтиятта (казыяттарда) аялдар бөлүмүн ачууну колдойсузбу?

ТИМ: Гонконгдогу кыргызстандык студенттерге жардам көрсөтүлдү

Гонконгдогу каршылык акцияларынын жаңы толкуну.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдук менен чогуу Гонконгодогу кыргызстандык жарандарга жардам берүүнү улантууда.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, 16-ноябрь күнү Кыргызстандын Гуанчжоудагы башкы консулу Искендер Орусбаев кыргызстандык алты студент менен жолугушту. Маалыматта алар коопсуз жайда, эч кандай арыз-дооматы жок экени айтылат.

Башкы консул мындан тышкары кыргызстандык студенттер жайгашкан мейманканаларды кыдырып, алардын абалы менен таанышып чыкты.

Гонконгдогу кырдаалдан улам кыргызстандык студенттерди жашап турган жеринен аэропортко жеткирүү маселеси каралып жатат.

Бир нече күн мурда Гонкондо билим алып жаткан студенттердин ата-энелери президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Алар аймактагы саясий абалга, соңку кагылышууларга байланыштуу балдарын Кыргызстанга аман-эсен кайтарууга жардам берүүнү суранышкан.

15-ноябрда үч кыргызстандык студент коопсуз жакка чыгарылган.

Жалпысынан Гонконгдогу окуу жайларда билим алып жаткан 42 кыргызстандык студент бар. (ZKo)

Эгерде ал жактагы студенттердин окуусуна, жагдайына байланыштуу зарыл маселе болсо ушул номерлерге кайрылса болот:

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги:

Тел.: +8610-64681348

Моб.: +8618611736340 (WhatsApp, WeChat)

+8613260203680

+8613581902801

Гуанчжоу шаарындагы консулдук:

Моб.:+8613925051627;

+8618666093015.

АКШда жана Украинада журналист Асеевди колдогон акциялар өттү

Орусиянын Нью-Йорктогу консулдугунун алдында өткөн акция. 15-ноябрь, 2019-жыл.

АКШ жана Украинадагы Пен-клубу жазуучулардын эл аралык күнүн "Азаттыктын" украин кызматы менен кызматташып жүргөн журналист Станислав Асеевге арнашты.

Буга байланыштуу Орусиянын Нью-Йорктогу консулдугунун жанында аталган борбордун жана украин-америкалык "Разом" укук коргоо кыймылынын активисттери митингге чыкты. Жыйынга "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" мурдагы президенти Том Кент, жазуучу Гари Штейнгарт жана башка активисттер катышты.

Киевдеги иш-чарага "Украин жумалыгы" гезитинин редакциясы, "Донбасс.Реалии" сайтынын редактору жана башка жарандык активисттер кошулду.

"Эркин Европа/Азаттык радиосунун" презиленти Жейми Флай иш-чараны кубаттап, "ар кандай туура эмес маалыматтарга карабай, чындык болгону чоң мааниге ээ. Ал эми чындыкты ачкан адам жалпы дүйнөдө колдоо табат" деп билдирди.

Станислав Асеев – "Азаттык" радиосунун украин кызматындагы штаттан тышкаркы кабарчысы. 30 жаштагы журналист Донецкидеги саналуу кабарчылардын бири. Асеев 2017-жылы жазында Донецкидеги жикчилдер тарабынан кармалып, тыңчылык, экстремизмге чакыруу жана өлкөнүн бүтүндүгүнө шек келтирүү беренелери менен айыпталган.

Быйыл 15-октябрда Асеев катаал режимдеги абакка 15 жылга кесилген.

Журналистти бошотуу талабы менен эл аралык уюмдар жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Донецк бийлигине кайрылган.

АКШнын чек ара кызматкери орусиялык жаранды жарадар кылды

АКШ-Мексика чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык жаран Мексиканын чек арасынан АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганы кабарланууда.

Окуя 14-ноябрда Аризона штатында болгон. Чек ара кызматы 16-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран чек арачыларга каршылык көрсөткөн.

Орусиянын Техастагы консулдугунун маалыматына караганда, орус жаранынын аты-жөнү Евгений Глущенко. ТАСС Аризона штатынын бийлигине таянып билдиргендей, 37 жаштагы Глущенко 2018-жылдын сентябрынан бери штаттагы алдын ала камоочу жайда кармалып турган.

АКШ тараптын маалыматында Глущенко кош бойлуу келинчеги менен чогуу Мексикадан Америкага мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.



Апрель айында сот Глущенкону Орусияга депортациялоону чечим кылган. Бирок бул ишке ашканы белгисиз. Учурда госпиталда жаткан Глущенкого миграция мыйзамдарын бузганы үчүн түрмөгө камалышы ыктымал.

Жашыл климат фонду Кыргызстанга 50 млн. доллар берет

Суусамыр жайлоосу алтыгана тикен бадалынан жабыркап келет.

Эл аралык фонддун каражаты Кыргызстандагы токойлорду жана жайыттарды бузулуп кетүүдөн сактоо максатында бөлүнүп жатканын БУУнун Азык-түлүк фонду сайтына жарыялады.

Аталган фонддун Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Динара Рахманованын белгилеши боюнча, Кыргызстан тоолуу аймак, климатынын кургактыгынан улам жаратылыш ресурстары чектелүү. Буга климаттык өзгөрүүлөр да терс таасирин тийгизүүдө.


Кыргызстан деңизге чыгуучу жолу жок, бийик тоолуу аймак. Айыл чарба багытындагы жерлердин 40% ашууну деградациядан жабыркаган. Жайыттардын жана токойлордун 85 пайызы туура эмес пайдалануудан улам кыртышы бузулганы жазылган фонддун сайтында.

Эл аралык Жашыл климат фонду Кыргызстан, Чили жана Непалдагы токой менен жайыттарды сактап калуу үчүн 161 млн. доллар бөлгөн.

Кыргызстандын жалпы аянты 20 млн. гектар болсо, анын 9 млн. гектарын жайлоо менен жайыт ээлейт.(ZKo)

Жол кырсыгынан набыт болгондор эскерилди

Бишкек-Ош жолундагы кырсык. Иллюстрациялык сүрөт.

17-ноябрь - жол кырсыгынан набыт болгондорду эскерүү күнүнө карата Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жана облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы эскерүү иш-чарасын өткөрдү.

Ага студенттер жана мектеп окуучулары катышты.

16-ноябрда саат 10:00дө жолдордогу автоунаалар бир мүнөткө токтотулду. Мындан тышкары жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын стационардык бекеттериндеги мамлекеттик желектер төмөн түшүрүлдү.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3 пайызга көп. Жол кырсыгынан баш-аягы 529 киши каза болуп, былтыркыга салыштырмалуу 9,2 пайызга жогорулады. Өткөн жылы 484 адам өлгөн. Ал эми жараат алгандар 6353төн, 7265ке көбөйүп, 14.3 пайызга жогорулаган. (ZKo)

Бишкекте кан оорусуна чалдыккан балдарды колдоо акциясы өтүп жатат

Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмү.

Бишкекте «БОРЩ PARTY» деп аталган иш-чара өтүп жатат. Андан түшкөн бардык каражат Кыргызстандагы гематологиялык ооруга чалдыккан балдардын дары-дармегине сарпталат.

Иш-чарада Бишкектеги үч белгилүү ашпозчу кайнаткан шорпону коноктор ичип көрүп, эң даамдуусуна баа берет.

Мындан тышкары азык-түлүк жана башка кол өнөрчүлүк товарларынын жармаңкеси уюштурулган.

Кайрымдуулук акциясы «Help the children - SKD» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулууда.(ZKo)

Чүйдө жоголгону айтылган өспүрүм досунун үйүнөн табылды

Чүй облусу.

Сокулук районундагы үйүнөн 20-августта чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Эржигит Алтынбек уулу табылды.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, ал ушуга чейин Кемин районундагы Чоң-Кемин айылында досунун үйүндө жашап жүргөн. Өспүрүм ата-энесинин колуна тапшырылды. Милициянын маалыматы боюнча, ал мурда да бир нече жолу үйүнөн кетип жүргөн.(ZKo)

АКШ президенти эки офицерге ырайым берди

Дональд Трамп.

Офицерлер Ооганстандагы аскер кылмыштарына айыпталган.

15-ноябрда Дональд Трамп ВМС SEAL аскер бөлүгүнүн командирине да аскер чинин кайтарып берди. Ал Иракта экстремисттик ИМ тобунун мүчөсүнүн сөөгүнүн жанында сүрөткө түшүп, жарыялаганы үчүн кызматынан төмөндөтүлгөн.

The Washington Post басылмасы Пентагондун лидерлери президенттин кийлигишүүсү аскердеги тартипке жана моралдык маанайга терс таасирин тийгизиши ыктымалдыгын айтып, чочулап жатканын жазып чыкты.

The Post жана The New York Times коргоо министри Марк Эспер менен аскердик катчы Райан Маккарти президент Трампка "ачуу иштерге аралашпоосун" суранып кайрылышканын билдиришкен.

Андан мурдараак Трамп "Твиттердеги" баракчасына "Биз балдарды машинаны жок кылууга үйрөтөбүз, анан кайра аларды өзүбүз куугунтуктайбыз" деп жазган.

2010-жылы Оогастанда бомба жасоого шек саналган адамды өлтүрүүгө айыпталып жаткан АКШ армиясынын майору Мэтью Голштейн да президенттин ырайымын алган. Анын ишин аскер соту келерки жылы февралда карайт.

Иранда мунайдын кымбатташы элди көчөгө чыгарды

Ирандын президенти Хасан Роухани эл алдында.

Күйүүчү майдын баасын кескин кымбаттатуу жана бензин сатууга квота киргизүү тууралуу өкмөттүн чечиминен соң, Ирандын бир катар аймактарында эл нааразылык билдирип чыкты.

IRNA агенттигинин маалымдашынча, толкундоо Сиржан, Мешхед, Ахваз, Бандар-Аббас, Шира жана башка шаарларда болуп өттү. Мешхед шаарында чоң жолдо айдоочулар автоунааларын токтотуп коюп, нааразылык билдиришкен.

Ал эми Сиржанда толкуган эл аймактагы мунай заводун өрттөөгө аракет кылган, бирок заводдун коопсуздук кызматы буга жол берген эмес.

АКШнын санкцияларын катаалдашынан кийин Ирандын экономикасы артка кетип жатканына байланыштуу, өкмөт мунай баасын көтөрүү жана бензин сатууну чектөөнү чечкен. Мындай нааразылык февраль айына белгиленген президенттик шайлоонун алдында президент Хасан Роуханиге басымдын күчөшүнө алып келүү ыктымалдыгы айтылууда.

Ирандын президенти Хасан Роухани 10-ноябрда өлкөнүн түштүк-батышында 53 млрд. баррелдик жаңы мунай кору ачылганын билдирген. Тегеран буга чейин ырасталган мунай кору 150 млрд. баррелге барабар экенин маалымдап келген.

Бишкектеги №3 мектепте жылуулук жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Мындан улам мектепте балдар тышкы кийимин чечпей окууга аргасыз болуп жатканын ата-энелер "Азаттыкка" билдиришкен.

Бишкек шаардык мэриясы берген жоопко караганда, №3 орто мектепке жылуулук берүү учурунда түтүктөр жарылып кеткен. Учурда билим берүү башкармалыгы тарабынан акт түзүлдү, жакын арада Бишкек шаардык курулуш башкармалыгы оңдоо иштерине тендер жарыялайт деп айтылат маалыматта.

Балдар суук класстарда окуусун улантары же улантпасы тууралуу маалымат берилген эмес.(ZKo)

Sever.Realii сайты “чет элдик агенттер” тизмесине киргизилди

Орусиянын Юстиция министрлиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматынын Sever.Realii сайтын “чет элдик агенттин функциясын аткарган чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын” тизмесине киргизди.

Министрликтин сайтында жума күнү жарык көргөн маалыматка ылайык, мындай чечим парламенттин комитети "өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүгө жол берилүүдө" деген бүтүм чыгаргандан кийин кабыл алынды. Быйыл сентябрда иштей баштаган сайт Орусиянын түндүк-батышындагы окуяларды чагылдырып жүргөн.

Чет өлкөлүк медианы “чет элдик агент” деп атоого жол ачкан мыйзамга президент Владимир Путин 2017-жылдын ноябрында кол койгон. Көп узабай, декабрда Юстиция министрлиги “Настоящее Время” телеканалын, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун бир катар долбоорлорун жана кызматтарын, ошондой эле “Америка добушу” радиосун жогоруда сөз болгон тизмеге кошкон.

Орус бийлигинин ырастоосунда, бул мыйзам АКШнын орусиялык RT телеканалы чет өлкөлүк агент катары каттоодон өтсүн деген талабына жооп кадам болгон. Вашингтон болсо аты аталган телеканал пропаганданы жайылтууда деп айыптоодо.

АКШнын расмий өкүлдөрү болсо америкалык жана орусиялык мыйзамдар маани-маңызы жагынан айырмаланарын, Москва “чет элдик агент” тууралуу жобону башкача көз караштагылардын үнүн басуу, ой-пикирлер менен эркин алмашууну чектөө үчүн пайдаланып жатканын белгилешет.


«Бир дүйнө - Кыргызстан» кинофестивалында “Азаттыктын” эки журналисти сыйлыкка татыды

Айдана Топчубаева.

Бишкекте «Бир дүйнө - Кыргызстан» кинофестивалы жыйынтыкталды. Анда "Азаттык+" жаштар берүүсүнүн алып баруучусу, жаш журналист Айдана Топчубаеванын “Аяна” аттуу тасмасы эң мыкты улуттук тасма деген наамды жеңип алды.

“Азаттыктын” дагы бир журналисти Санжар Эралиевдин “Дарт тооруган балалык” аттуу тасмасы жаш калыстардын мыкты деген баасына татыды.

Гран-прини франциялык режиссёрлор Клэр Бийе менен Оливье Жобардын "Таш жүрөк” тасмасы алды.

Эл аралык мыкты тасма деп "Ак эне" киносу табылды. Аны орусиялык жаш режиссёрлор Зося Родкевич менен Евгения Останина тарткан.

Кыска метраждуу тасмалардын арасынан Ибадулла Аджибаевдин “Мугалим” киносу жеңсе, “Муссон Шоу” аттуу тасманы жаш калыстар мыкты эл аралык тасма деп тапкан.

Бул жылы фестиваль «Балдар үнү жана тең укуктуулук» деген темада өттү.

БУУнун Балдардын укуктары боюнча конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган фестивалга ондон ашуун өлкөдөн 20дай даректүү тасма катышты. Мындан сырткары балдардан укуктары боюнча талкуулар, семинарлар өттү.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму уюштурган фестиваль быйыл 13-жолу өттү. (TSh)

Литва менен Орусия тыңчылыкка айыпталгандарды айырбаштады

Литванын контрчалгындоо кызматынын башчысы Дарюс Яунишкис.

Орусияда тыңчылыкка айыпталган литвалык эки жаран кое берилди. Бул тууралуу Литванын контрчалгындоо кызматынын башчысы Дарюс Яунишкиске шилтеме берүү менен Рейтер агенттиги билдирди.

Евгений Матайтис жана Арстидас Тамошайтис, норвегиялык Фрод Берг Литвада тыңчы деп соттолгон эки орусиялыкка айырбашталды.

Матайтис менен Тамошайтис 2016-жылы орусиялык аскердик сыр маалыматты өз өлкөсүнүн кызматтарына беришкен деп айыпталышкан.

Норвегиянын премьер-министри Эрна Солберг Орусияда тыңчылык үчүн 14 жылга кесилген Берг Литвадагы норвегиялык өкүлдөргө өткрүлүп бергенин бышыктады.

15-ноябрда Литванын президенти Гитанас Науседа тыңчылык үчүн соттолгон орусиялык эки жаран – Николай Филипченко менен Сергей Моисеенконун күнөөсүн кечирген.

Президенттин маалымат кызматы белгилегендей, бул чечим тыңчылыкка айыпталгандарды айырбаштоо тууралуу жаңы мыйзамдын негизинде кабыл алынды.

Филипченко Орусиянын коопсуздук кызматынын кызматкери катары Литванын жогорку расмий адамдарын кызматташууга азгыруу аракетин көргөн деп айыпталып, 2017-жылы 10 жылга соттолгон.

Мосиеенко Шауляй аба базасында кызмат өтөгөн литвалык офицерди кызматташууга тарткан деген айып менен 10 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Бирок ал күнөөсүн четке каккан.

Босниядагы качкындар лагеринде жагдай оор

Вучак качкындар лагери. Босния, 15-ноябрь, 2019-жыл.

Батыш Европага жетүүнү көздөгөн мигранттар Боснияда катуу суукта оор шарттарда кармалып жатышат. Бул тууралуу "Чек арасыз дарыгерлер" уюму 15-ноябрда билдирди.

Босниянын түндүк батышындагы Вучак качкындар лагери быйыл июнда өз алдынча пайда болгон, ал жер алдын ала атайылап жашоого ыңгайлаштырылган эмес.

Уюмдун адистери лагерде эң керектүү деген элементардык шарттардын жоктугу аны "кооптуу жайга" айландырганын белгилейт. Ал жакта 2 миңдей киши баш калкалап келатат. Электр энергиясы, таза суу деген нерсе жок. Чатырлар жайдак жерге эле тигилген.

Европа биримдиги Боснияга 36 миллион евродон көп каражат жардам бөлгөн, бирок 14-ноябрда "Вучактагы жашоо-шарт ыңгайы өтө начар болгондуктан, ал жакка шаркет финансылык жактан жардам бербейт", - деп биримдиктин миграция боюнча комиссары Димитрис Аврамопулос билдирди. Комиссар ошондой эле алдыдагы кыш гуманитардык кризиске алып келиши мүмкүн деп алдын ала эскертти.

Босния шаркеттин мүчөсү Хорватия менен чектешет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG