Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Трамп Багдадинин ордун баса турган террорист жок кылынганын жарыялады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп «Ислам мамлекети» террорчул тобунун өлтүрүлгөн лидери Абу Бакр ал-Багдадинин ордун баса турган террорист Сирияда жок кылынганын жарыялады.

Трамп ал «Ислам мамлекети» уюмунун башына келиши мүмкүн болчу деп эсептейт. Бирок анын аты-жөнү жана аны жок кылуу боюнча операция тууралуу кенен маалымат берилген жок.

Дональд Трамп ИМдин лидери Абу Бакр ал-Багдади өлтүрүлгөнүн 27-октябрда билдирген. Багдади америкалык аскерлердин Сириянын түндүк-чыгышында жүргүзгөн операциясынын натыйжасында жок кылынган.

Анын эртеси 28-октябрда экстремисттик уюмдун басма сөз катчысы Абу Хасан ал-Мухажир Түркия менен чек арага жакын жердеги айылда жок кылынганы кабарланган.

Абу Бакр ал-Багдади 1971-жылы Ирактын Самарра аймагында туулган. Дин илимин окуп, 2004-жылы америкалык аскерлерге каршы кутум уюштурган деген айып менен соттолгон. Эркиндикке чыккандан кийин көмүскө иш алып барган жихад уюмуна кошулуп, көп өтпөй аны башкарып калган. 2014-жылы өзүн бардык мусулмандардын лидери - халиф деп жарыялаган. Анын жетекчилиги алдында «Ислам мамлекети» Ирак менен Сириянын аймактарынын кыйла бөлүгүн өзүнө каратып алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG