Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Баткенде арыз жазган дарыгерлер жөнүндө парламентте кеп болду


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Баткенде дарыгерлердин нааразылыгына байланыштуу маселе бүгүн парламентте да козголду.

«Өнүгүү - Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Баткен облустук ооруканасында иштеген кызматкерлердин 92% жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганын айтып, алар көтөргөн маселелер республиканын башка аймактарына да мүнөздүү экенин белгиледи:

- Алар өз түшүндүрмөсүндө айлык маяна, шарттын жоктугу жана негизсиз текшерүүлөр сыяктуу ондон ашык себепти көрсөтүштү. Бул кадамы менен алар президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө үн катты. Бул үн жалгыз Баткенде эле эмес, бардык чөлкөмдө абдан көп. Анткени Саламаттык сактоо министрлиги саясатты так жүргүзө албай жатканын, маселени ичинен билбей турганын көрсөттү.

Баткенде облустук оорукананын дарыгерлери жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганын 30-октябрда «Азаттык» радиосуна кабарлашкан.

Алар арызында мындай кадамга барууга айлык маянанын аздыгы, иштөөгө шарттын жоктугу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу мекемесинин жана башка органдардын негизсиз текшерүүлөрүнүн көптүгү сыяктуу ондон ашык себепти көрсөтүшкөн.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 30-октябрда дарыгерлер өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана облус башчысынын социалдык маселелер боюнча иш алып барган орун басарынын да кабыл алуусунда болду. Анда жумуштан кетерин билдирген оорукана кызматкерлери өз талаптарын айтышты.

Жолугушуунун жыйынтыгынан кийин облустук оорукананын дарыгерлери штаттык режимде иштеп, элге медициналык жардам көрсөтүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG