Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:28

Парламенттин алдында Сокулуктун тургундары митингге чыгышты


Акциянын катышуучулары.

Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынан жер тилкесин алган 50дөй адам нааразылык акциясына чыкты. Алардын айтымында, убагында сатып алган жер тилкелерине учурда үй салууга жергиликтүү бийлик тарабынан уруксат берилбей жатат.

Митингге чыккандар жер тилкесин алып жатканда тиешелүү документтер бар деген алдамчыларга туш болгонун айтышууда. Алардын бири Камалбек Кыдыралиев өкмөттөн жерди турак жай салууга мыйзамдаштырып берүүнү өтүндү:

- Сегиз жыл мурун 5 сотых жерди төрт миң долларга сатып алгам. Жашым 79 да. Тогуз неберем, чөбөрөлөрүм бар. Азыр алардын баары менен батирде жашап жатам. Ошол жерге үй салууга уруксат берип коюшун суранам.

Митингге чыккандар колдоруна президент менен өкмөт башчыга кайрылган плакаттарын колдоруна көтөрүп чыгышты. Военно-Антоновка айылындагы 271-295 контурунан 3000 миңден ашык адам жер тилкесин сатып алган. Алардын 2000ге жакыны колуна «кызыл китеп» алганын айтып жатышат.

Митингчилер менен Сокулук районунун акими Асылбек Сатыбалдиев жолугуп, сугат жерлерине турак жай салууга мораторий бар экенин жана мыйзамга өзгөртүүлөр киргенден кийин гана үй салууга уруксат берилерин билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда 2005-жылдан кийин айыл чарба багытындагы миңдеген гектар жер турак жай салууга берилип кеткен. Ушундан улам өкмөт 2009-жылы айыл чарба багытындагы жер аянттарына там салганга тыюу салып, мораторий киргизген. 2017-жылы «Жерди трансформациялоо жөнүндө» мыйзам парламентте кабыл алынып, бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ага кол коюудан баш тарткан. Бул мыйзамга 2018-жылы августта президент Сооронбай Жээнбеков кол коюп, аны ишке ашырууну өкмөткө тапшырган. Өкмөттүн маалыматы боюнча, жалпысынан 9,1 миң гектар жер трансформацияланат. Бирок ал мыйзам долбооруна Военно-Антоновка айылындагы 271-295 контур кирген эмес. (AiA)

XS
SM
MD
LG