Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Жалал-Абад мамлекеттик университетине Бекмамат Осмоновдун аты коюлду


Жалал-Абад мамлекеттик университети.
Жалал-Абад мамлекеттик университети.

Жалал-Абад мамлекеттик университетине саясий жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун ысымы ыйгарылды. Жалал-Абад шаарындагы аталган окуу жайдын башкы корпусунун алдында анын бюсту ачылып, салтанат өттү. Ага Бекмамат Осмоновдун жакындары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана окуу жайынын жамааты катышты.

2017-жылы Бекмамат Осмоновдун ысымын окуу жайга берүү демилгеси университет жамааты жана тургундар тарабынан көтөрүлүп, Жалал-Абад шаардык кеңеши да колдоп берген.

Коомдук ишмер Бекмамат Осмонов 1945-жылы Базар-Коргон районунда төрөлгөн. 1991-жылы Жалал-Абад Оштон бөлүнүп, өзүнчө аймак катары түзүлгөндөн кийин Бекмамат Осмонов облустун биринчи губернатору болгон.

Жалал-Абад мамлекеттик университети 1923-жылы негизделип, 1993-жылы мамлекеттик университет болуп түзүлгөн. Учурда 15 миңге чукул студент билим алат. (RsK)

XS
SM
MD
LG