Линктер

шейшемби, 12-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:30

УКМК: Тажикстанда кармалган кыргыз жараны мекенине кайтарылды


Тажикстандын аймагында жүрүп кармалган кыргызстандык Асылбек Каримов мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

31-октябрда Кыргызстан менен Тажикистандын тийиштүү органдарынын, Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон сүйлөшүүдө кыргыз жаранын мекенине кайтарып берүү маселеси да көтөрүлгөн. Жыйынтыгында Каримов Тажикстандын чек ара мыйзамын бузгандыгы үчүн салынган айыптан куткарылып, 1-ноябрь күнү кыргыз тараптын чек ара кызматкерлеринин колуна өткөрүлүп берилди.

Буга чейин кыргыз жараны 24-октябрда Тажикстанда кармалганы кабарланган. Бул маселе парламентте дагы көтөрүлгөн. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (15)

XS
SM
MD
LG