Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

ФСБ полковниги миллиарддаган рублди мамлекетке төгөт


Москвадагы ФСБ имараты
Москвадагы ФСБ имараты

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) полковниги Кирилл Черкалин мамлекеттин акчасын кайтарып берет.

Ал кайтарган 6,1 миллиарддык сумманын ичинде рубль, евро жана фунт стерлинг да бар.

Полковник кымбат баалуу Porsche Cayenne автоунаасын, андан тышкары кол сааттары баштаган асем жасалгаларын да казынага өткөрөт. Тинтүү учурунда табылган башка каражаттарды ал мойнуна албаганы кабарланат.

ФСБнын «К» башкармалыгынын банктык бөлүмүн башкарган Черкалин быйыл апрелде кармалып, камакка алынган.

Адегенде полковник пара алган деп шек саналган. Кийинчерээк өзгөчө ири өлчөмдө көз боёмочулук жасаган деген айып тагылган. Тинтүү учурунда андан 12 млрд. рубль нак акча чыккан.

«Коммерсант» басылмасы Черкалин параны өзү иштеген мекеменин кире беришинен же ага жакын жерде жайгашкан кафеден алып турганын жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG