Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Аба ырайы: тоолорго кар жаайт


Ала-Арчадагы токой.
Ала-Арчадагы токой.

3-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16,

Нарын жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 10...15,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...+4 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн 3...5, күндүз 16...18 градус болот.

Күздүн ажайып сүрөттөрүн көргүңүз келсе ушул шилтемеге кириңиз.

XS
SM
MD
LG