Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Жээнбеков: Шайлоо босогосу тууралуу кийин айтам


Президент Сооронбай Жээнбеков медиа өкүлдөрү менен жолукканда шайлоо босогосу тууралуу пикирин парламенттеги жана коомдо болуп жаткан талкуулардын соңунда айтарын билдирди.

Кыргызстандын президентин, Жогорку Кеңешин, жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Ош шаары менен Бишкек шаарынын макамы боюнча жалпысынан жети мыйзамга өзгөртүүлөрдү камтыган топтомду президентке караштуу жумушчу топ депутаттар менен бирге иштеп чыккан. Анда утуп чыгуу босогосу жети пайыздан тогуз пайызга жогорулатылган.​

2011-жылы босого эсеби бештен жети пайызга көтөрүлгөн.

2014-жылы Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн лидерлери партиялар үчүн парламентке өтүү босогосун 10 пайызга чейин жогорулатууну сунуш кылып, аны ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев да колдогон. (Azk\SE)

Шайлоо: 9% чектин тополоңу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00

XS
SM
MD
LG