Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:47

Бето О'Рурк АКШ президенттигине ат салышуудан чыкты


Бето О'Рурк

АКШ президенттигине демократтардын атынан ат салышкан мурдагы конгрессмен Бето О'Рурк талапкерлигин алып койду.

Бул тууралуу ал 1-ноябрда билдирди.

Ал тарапкерлерине кайрылып, шайлоо өнөктүгүндө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү аз экенин айтты. Шайлоодо демократтардын талапкерин колдорун белгилеп, өзү Сенатка шайлоого бара турганын кошумчалады.

2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодо республикачылардын жалгыз талапкери, азыркы президент Дональд Трампка демократтардан жыйырмадан ашуун саясатчы атаандаш болууну көздөп турат.

XS
SM
MD
LG