Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:21

Токмок: милиция кызматкерлери киши сабаган деп шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын 45 жана 28 жаштагы кызматкери киши сабаган деп шек саналып жатат. Бул тууралуу милиция кабарлады.

Анын маалыматына караганда, 1-ноябрь күнү ички иштер органдарына Кемин районунун 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында автоунаа коюучу жай үчүн эки белгисиз киши сабап кеткенин жазган. Бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Териштирүүнүн негизинде шектүүлөр Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын эки кызматкери экени аныкталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда 1-ноябрда милиция кызматкерлеринин күнү белгиленген. (TSh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG