Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Разаков: Кой-Таш окуясын комиссия ар тараптуу иликтеди


Комиссиянын отуруму.
Комиссиянын отуруму.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия ишин жыйынтыктады. Учурда комиссия мүчөлөрү киргизген ар кандай сунуштар изилденип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган комиссиянын жетекчиси, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди:

- Мүчөлөрдүн сын-пикирлеринин, сунуштарынын баарын эске алдык. Ар тараптуу изилденип чыкты.

Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын корутундусунун долбоору кабыл алынган. Ага комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова өзгөчө пикирин билдирген.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жараат алган 175 адам ооруканага кайрылган.

Атамбаевдин тарапташтары Кой-Таш окуясында мындан башка да жаракат алган бир топ адам күч кызматкерлеринен коркуп, ооруканага кайрылбай үйлөрүндө дарыланышканын билдирип келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG