Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Иранда АКШ элчилигин басып алган күндүн 40 жылдыгы белгиленип жатат


АКШ элчилигин басып алган күндүн 40 жылдыгына арналган акциянын катышуучулары.
АКШ элчилигин басып алган күндүн 40 жылдыгына арналган акциянын катышуучулары.

Мамлекеттик маалымат каражаттары бийлик демөөрчүлүк кылган митингдер бүтүндөй өлкө боюнча 1000дей шаарда башталганын кабарлашты.

Тегеранда эл 1979-жылдан кийин «тыңчылардын уюгу» деп атап алышкан мурдагы элчиликтин имаратынын айланасында топтолушту. Демонстранттар АКШ менен Израилге каршы ураандарды чакырышканын «Fars» агенттиги жазды.

Окуянын 40 жылдыгы АКШ менен Ирандын ортосундагы алака курчуп турган маалга туш келди. Буга былтыр Американын президенти Дональд Трамп 2015-жылы Тегеран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден Вашингтон чыгарын жарыялаганы түрткү болду. Андан соң Кошмо Штаттар Иранга каршы буга чейин болуп көрбөгөндөй экономикалык санкцияларды киргизди.

АКШнын Тегерандагы элчилигин студенттер 1979-жылдын 4-ноябрында басып алып, 52 америкалык 444 күн барымтада турган. Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесинин үзүлүшүнө алып келген бул окуя Вашингтон Ирандын бийликтен кулатылган шахы Мухаммед Реза Пехлевини Тегеранга өткөрүп берүүдөн баш тарткандан кийин болгон. Андан бери эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөн жок.

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи 3-ноябрда жасаган билдирүүсүндө Кошмо Штаттар менен сүйлөшүү жүргүзүүгө тыюу салды. Анын «душман менен сүйлөшүүлөр биздин маселебизди чечет дегендер 100% жаңылышат» деп айтканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

XS
SM
MD
LG