Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:58

Жээнбеков: жарандар патрулдук милицияга ишениши керек


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен жолугушту. Анда Жээнбеков Бишкек шаарынын эки районунда сыноо менен патрулдук милиция иштей баштаганын - реформанын жыйынтыгы деп белгиледи.

- Пилоттук долбоордун алкагында жаңы бөлүмдүн кызматкерлерин, анын ичинде катардагы жарандардын арасынан тандоо тажрыйбасы жакшы жолго коюлуп калды. Коомчулук конкурстун ачык-айкын өтүп жатышынан эч кандай күмөн санабашы керек. Жарандар патрулдук милиционерлерге ишенип, зарыл учурда алардан коргоо издеши керек, — деди Жээнбеков.

Патрулдук милиция долбоору жыл аягына чейин шаардын бардык бөлүгүн камтыйт. Учурда курсанттар Ички иштер министрлигинин академиясында окуп жатышат. Мындан сырткары бош кызмат орундарына сынак өтүп жатат.

Бишкек шаарынын жеке курамы толукталгандан кийин патрулдук милиция долбоорун Ош шаарында, андан соң бүт өлкөдө ишке ашыруу пландалууда.

1-ноябрдан тарта Патрулдук милиция кызматы ишке кирди. Биринчи баскычта аталган кызматка 600 киши сынак аркылуу тандалып алынды. Алар эми 56 машине менен коомдук тартипти жөнгө салып, жол кыймылынын коопсуздугуна дагы көзөмөл жүргүзөт. Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделди. (TSh)

XS
SM
MD
LG