Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Москванын Брекзитке таасирин иликтеген баяндама жарыяланбай калды


Борис Жонсон.

Британияда Борис Жонсон башында турган өкмөт Орусиянын Брекзит боюнча референдумга кийлигишип-кийлигишпегенин иликтеген баяндаманы жарыялоону убактылуу токтотуп койду. Парламенттин Чалгын жана коопсуздук комитети премьер-министрге 50 барактан турган бул документти 17-октябрда жөнөткөн.

Мыйзам боюнча, өкмөт башчы 10 күндүн ичинде баяндамада коопсуздук жана чалгын кызматтарынын ишине кедергисин тийгизчү маалыматтардын бар-жогун текшерип чыгышы керек.

Азырынча баяндама качан чыгары белгисиз. "Блумберг" басылмасы Британиядагы 12-декабрдагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодон кийинкиге калганын жазды. Эл өкүлдөр палатасынын азыркы курамы бүгүн, 5-ноябрда акыркы жыйынга чогулду.

Парламент комитетинин жетекчиси Доминик Грив өкмөттүн бул аракетин сынга алды.

Орусия Брекзит боюнча британ саясатчыларынын дооматтарын четке кагып келет жана башка мамлекеттин ички саяси ишине, референдумга кийлигишкен деген мазмундагы дооматтарды негизсиз деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG