Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:11

Томскиде «Жахабанын күбөсү» алты жылга соттолду


Орусиянын Жогоку соту "Жахабанын күбөлөрүн" экстремисттик уюм деп тааныган.
Орусиянын Жогоку соту "Жахабанын күбөлөрүн" экстремисттик уюм деп тааныган.

Орусиянын Томск шаарында сот 5-ноябрда "Жахабанын күбөлөрү" диний агымынын өкүлү Сергей Климовду алты жылга эркинен ажыратты. Ал "экстремисттик уюмдун жетекчиси" деп табылды. Климовдун адвокаты шаардык соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга даттанарын билдирди. Климов сотто "Жахабанын күбөсү" экенин ырастаган, бирок уюмдун аймактык бөлүмүнүн жетекчиси экенин мойнуна алган эмес.

Тергөө материалдарына ылайык, Климов диний жөрөлгөлөрдү өткөрүп, башка адамдарды өз катарына тарткан жана "Жахабанын күбөлөрүн" бул агымга мүчө эмес тууган-уругу менен катташпоого, медицинадан баш тартууга чакырган.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин жер-жерлерде "Жахабанын күбөлөрү" кодуланбашы керек деп билдирген болчу.

Быйыл жайында "Жахабанын күбөлөрүнүн" туугандары президентке караштуу Жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча кеңешке ачык кат менен кайрылган жана алар кодуланып жатканын айтып даттанган. Катта диний ишениминен улам камалгандардын саны 17ге жеткени жазылган.

Орусиянын Жогорку соту 2017-жылы "Жахабанын күбөлөрү" диний агымын "экстремисттик уюм" деп тапкан.

XS
SM
MD
LG