Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 20-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 20:31

Казакстанда 11 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы үчүн айдоочу соттолду


Жамбыл облусунун Кордай райондук соту 2019-жылдын апрелинде автобустун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча өкүм чыгарды. Анда 11 адам каза болуп, 32си жараат алган.

20-апрелде жеңил автоунаа менен жүк ташуучу автоунаа кагышып, алардан буйтап өтүүгө аракет кылган автобус оодарылып кеткен. Кырсыкта Өзбекстан менен Казакстандын жарандары каза тапкан.

Бул окуяга күнөөлүү деп табылган автобустун айдоочусу камалган.

Кордай райондук соту айыпталуучуну «Адамдардын өлүмүнө алып келген жол эрежесин бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга соттоду. Мындан тышкары ал жети жыл автоунаа айдоо укугунан ажыратылып, жабырлануучулардын фондуна 37 875 теңге (97 доллар) төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG