Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 11:49

АКШ: Орусия менен Иран шайлоого кийлигишүүсү мүмкүн


АКШда кезектеги президенттик шайлоо 2020-жылдын ноябрында өтөт.

АКШнын чалгын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери Орусиянын, Ирандын жана башка чет өлкөлүк “атаандаштардын” кийинки жылы боло турган президенттик шайлоого кийлигишүү аракеттери тууралуу америкалыктарды эскертти.

Бул тууралуу башкы прокурор Уильям Барр, коргоо министри Марк Эспер, улуттук коопсуздук министринин милдетин аткаруучу Кевин Макалинан, улуттук чалгын директорунун милдетин аткаруучу Жозеф Магуайр, Федералдык иликтөө бюросунун башчысы Кристофер Рэй жана башкалар кол койгон. Алардын 5-ноябрдагы биргелешкен билдирүүсүндө “Орусия, Китай, Иран жана башка кас чет өлкөлөр добуш берүү жараянына жана шайлоочулардын чечимине таасир этүүгө аракет кылат” деп айтылат.

АКШнын чалгын жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин айтымында, бул Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу болушу мүмкүн. Буга чейин да АКШнын расмий адамдары 2020-жылдын ноябрында боло турган президенттик шайлоого Орусия менен Иран кийлигишүүгө аракеттене турганын эскерткен.

Москва менен Тегеран мындай дооматтарды четке каккан. Орусия ошондой эле 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишти деген айыптоолорду четке кагып келе жатат.

XS
SM
MD
LG