Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Кулматов менен Ибраимовдун сотуна “Тез жардам” чакыртылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 6-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовго, жалпысынан 13 кишиге козголгон кылмыш ишин кароо уланды.

Отурум учурунда соттолуучулардын бири, Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Сталбек Өмүрканов өзүн начар сезип, “Тез жардам” кызматы чакыртылды. Доктурлар ал кардиологго көрүнүшү керектигин айтышты.

Өмүрканов былтыр да сот учурунда кан басымы 240ка чейин жогорулап кеткенине байланыштуу медициналык жардам алган.

Кийинки сот отуруму 11-ноябрга белгиленди.

Бүгүнкү отурумда Калыс-Ордо конушуна барып, Кытайдын акчасына курулган мектепти жеринен барып көрүү тууралуу өтүнүч келтирилди, бирок судья уруксат берген жок.

Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп шек саналып жатат.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтып жатышат.

4-ноябрда сөз экс-мэрлерге берилген. Бирок экөө тең сотко көрсөтмө берүүдөн баш тартып, «Негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн эч кандай актанбаш керек» деп билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG