Кыргызстанда каттоодон өткөн 32 учактын тогузу гана иштеп жатат. Калганы колдонууга жараксыз, айрымдары оңдоп-түзөөгө берилген. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев "Азаттык" радиосуна билдирди. Бир жыл мурда 17 учак жарактуу болчу.
2019-жылдын 31-июлунда Кыргызстан "Аврожет-85" үлгүсүндөгү үч даана учакты каттоого алып, 21-октябрда кайра эсептен чыгарды. Акышевдин айтымында, мурда "Өзбекстан аба жолдоруна" таандык болгон учактардын сертификаты талапка жооп бербегени үчүн кабыл алынган жок.
Кыргызстанда азыр "Авиа-Трафик" жана "Тез жет" авиакомпаниялары эл ташып жатат. "Эйр Манас" 27-октябрдан бери учууларды аткарбай калды, анын себеби айтыла элек. "Эйр Кыргызстан" жана "Sky Bishkek" ишин токтоткон.
Жарандык авиация агенттигинин сайтындагы маалыматка ылайык, эл ташыган учактардын эң жаңысы "Тез Жетте", 1997-жылы чыгарылган. Эң эскиси "Авиатрафикте" - 1991-жылы чыккан.
Кыргызстандын авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) "кара тизмесинде". (SE)