Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 21-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 11:56

Кремль: тыңчылык үчүн соттолгон норвегиялыкка ырайым берүү өтүнүчү келди


Фруде Берг

Орусия бийлиги тыңчылык үчүн соттолгон норвегиялык Фруде Бергге ырайым берүү тууралуу расмий өтүнүч келип түшкөнүн билдирди. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун 6-ноябрда билдиргенине караганда, Москва өтүнүчтү кадимки эле процедуранын эрежелерине ылайык карайт. Песков мындан башка кенен маалымат берген жок.

Орусия менен чектешкен жердеги чек ара бекетинде кызмат өтөгөн норвегиялык Фруде Берг 2017-жылдын декабрында Москвада Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Ал Орусиянын суу алдында жүрүүчү атомдук кемелери тууралуу жашыруун маалыматтарды чогулткан деп айыпталган. Быйыл апрель айында жабык өткөн сотто 63 жаштагы норвегиялык 14 жылга эркинен ажыратылган.

Берг Норвегиянын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген айыпты мойнуна алган эмес.

25-октябрда Норвегияга барган тышкы иштер министри Сергей Лавров Бергге ырайым берүү тууралуу чечим кабыл алына турганын айткан.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG