Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 13-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 22:52

Төкмө акын Акжолтой Канат уулу автокырсыктан каза болду


Акжолтой Канат уулу

Төкмө акын, актёр Акжолтой Канат уулу Балыкчы - Кочкор автоунаа жолундагы кырсыктан каза болгону айтылып жатат. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун төрагасы Асылбек Марат уулу билдирди. Маалыматта бир машиненин ичинде бараткан беш киши автокырсыкка кабылып, төртөө көз жумганы айтылууда. Жүргүнчүлөрдүн бири учурда Кочкордогу ооруканада эсине келе албай жатат. Акжол Канат уулунун жанында жубайы да болгон. Машинени кочкорлук ырчы жигит Жоомарт Алмазбеков айдап бараткан. Баштапкы маалыматка ылайык, кар жолдогу тайгакта машиненин тормозу иштебей, жолдун четине чыгып кеткен. Божомолдор боюнча, алар Балыкчы шаарындагы тойканалардын биринде өткөн тойдо кызмат көрсөтүп, чыгып келе жатышкан.

Бул жол кырсыгы боюнча Жол кайгуул кызматы азырынча маалымат бере элек.

Акжолтой Канат уулу таанымал төкмө акын маркум Майра Керим кызынын уулу болчу. Ырчы катары бир нече республикалык айтыштарга катышып алдыңкы орундарга ээ болуп жүргөн. Акындын үйлөнгөнүнө эки гана ай болгон. Быйыл ал 26 жашка чыккан. (ZA)

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG