Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 14-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 17:20

Футбол: Кыргызстан-Жапония оюнуна билет алгысы келгендер нааразы


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Жапониянын Бишкекте өтө турган футбол боюнча беттешине айрым билеттер сатыкка чыкпай калганына нааразы болгондор арбыды.

Футбол күйөрмандары билдиргендей, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун чок ортосундагы орундуктардын билеттери сатыкка чыккан жок. Тагыраагы - чыгыш тарабындагы төртүнчү жана ага каршы жайгашкан 19-сектордун билеттери.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова билдиргендей, билеттерди басып чыгаруу жана сатуу федерациянын өнөктөшү «Фрунзе» гипермаркетине тапшырылган.

Ал эми гипермаркеттин өкүлү Толкун Аманбек кызы сатыкка чыкпаган билеттердин жагдайы тууралуу мындай деди:

- Кыргызстан жана Жапония курама командаларынын беттешине билеттер үч дарек боюнча сатылып жатат. Төртүнчү жана 19-сектордун билеттери боюнча айтсак, төртүнчү сектор күйөрмандар союзуна берилген. Алар бул оюнга команданы колдош үчүн атайын перфоманс даярдашат экен. Ал эми 19-сектор Футбол федерациясынын өнөктөштөрүнө берилген. Калган бардык секторлорго билеттер бар жана сатылып жатат.

Билеттер секторго жараша сатылууда. Стадиондун чыгыш тарабы 350 сом, түштүк тарабы (дарбазанын арты) 250 сом, ал эми батыш тарабындагы орундуктардын баасы 500 сом.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын беттеши Бишкекте 14-ноябрда өтөт. (GT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG