Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 13-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 09:51

Украинанын чыгышындагы дагы бир айыл курал-жарактан тазаланууда


ЕККУнун байкоочулары.

Расмий Киев жана Орусия колдогон жикчилдер Украинанын чыгышындагы дагы бир айылдан аскерлер жана курал-жарак чыгарылганын билдиришти.

Бул Луганскиде жана Донецкиде 2014-жылдан бери 13 миңден ашуун адамдын өмүрүн кыйган согушту токтотуш үчүн өткөрүлө турган төрт тараптуу саммитке карай кадам болуп калды.

Украин аскерлеринин жетекчилиги Петровское жана Богдановка айылдарынан 42 жоокер, үч атайын автоунаа бир чакырым артка жылдырылганын кабарлады.

12-ноябрда ал жерди миналардан тазалоо иштери жүрөт. Ошондон кийин гана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун байкоочулары айыл толугу менен аскерлерден тазаланганын тастыктайт.

Жикчилдердин өкулдөрү Луганскиден толук чыгып кетишкенин 9-ноябрда билдиришкен.

1-октябрда Киев менен Москванын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, аскерлерди чыгарууга даярдык көрүү макулдашылган. (RK)

XS
SM
MD
LG