Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

Өкмөт ачык трассадагы ылдамдык боюнча уруксатын өзгөрттү


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын ичинде эл аралык маанидеги айрым жолдордо ылдамдыктын эң жогорку чегин 110 чакырымга чейин жогорулатса болот. Өкмөт ошондой уруксат берген токтом чыгарды. Жол кыймылынын эрежелерине өзгөртүү киргизген токтом 31-октябрда кабыл алынган. Ал расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирерин өкмөт өкүлдөрү кабарлашты.

Бул сунушту Ички иштер министрлиги (ИИМ) киргизген. Министрликтин көз карашында, ылдамдыктын чегин көтөрүү жолдордогу автоунаа өткөрүүнүн мүмкүнчүлүгүн арттырат.

ИИМ Кыргызстандын транспорттук паркы коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп берген күлүк машинелер менен толукталып жатат деп эсептейт. Коомдук талкууга коюлган документтин негиздемесинде акыркы жылдары эл аралык маанидеги жолдор оңдолгону, кайсы бир бөлүктөрүнүн чети, ортосу тосулганы, бул кырсыктарды азайтууга салым кошкону жазылган. Ылдамдыктын чеги жолдун шарты коопсуз кыймылды камсыз кыла турган жерлерде көтөрүлүшү керек.

Учурда калктуу конуштардан сырт жерде ылдамдыктын эң жогорку чеги саатына 90 чакырым деп белгиленген. (TSh)

XS
SM
MD
LG