Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн Владимир Путин менен Владимир Зеленскийге Нур-Султан шаарында жолугушууну сунуштады. Ал 12-ноябрда “Астана клуб” саясий форумунун жыйынында сүйлөп жатып, буга чейин орус жана украин преизденттери менен жолукканын, аларга жеке жолугушуу зарыл деп эсептерин кошумчалады.
Назарбаев Зеленский бул сунушка макул экенин, эми Путиндин жообун күтүп жатканын да айтты.
Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алып, өлкө чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөтүп келет. Кремль жаңжалга тиешеси жок экенин айтууда.
Беш жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылыштарда 13 миңден ашуун адам өлдү.
Казакстан буга чейин ар тараптуу сүйлөшүүлөргө аянтча түзүп келген. 2017-жылы Нур-Султанда Сириядагы согушту жайгаруу боюнча жолугушуулар өткөн.