Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөр кармалды


Айеркен Саймаити.
Айеркен Саймаити.

Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка»Түркиянын Адана шаардык ички иштер бөлүмү билдирди.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча Кыргызстанда жаңы жагдайлар биринин артынан бири ачыкка чыкты. Алгач бир учурда Кыргызстанда ишкердик менен алектенген Саймаитини өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалганы белгилүү болду.

Түркиянын Адана шаардык полициясынын башчысы Атилла Кылыч «Азаттыкка» кармалгандардын экөө кыргызстандыктар экенин кабарлады:

- Сириялык Али Исбех жана кыргызстандык Кусейин Акматалиев, Абдуллах Энвер кармалды. Сириялык шектүү жасалма документ колдонгон. Алар бири-бири менен Сириядан таанышкан. Кыргызстандыктар бир ай мурун Стамбул шаарына келишиптир. Суракта «мусулман эмес болчу деген себеп менен өлтүрдүк» деп көрсөтмө беришти.


Учурда кылмышка шектүүлөр сурак берип жатышат. Бул боюнча кыргыз бийлиги, Түркиядагы элчилик эч кандай комментарий бере элек. Бирок артынан көп сөз ээрчиген ишкерди өлтүрүүгө шектүүлөрдүн кыргызстандык болгону аны Кыргызстан менен байланыштырган жалгыз факты эмес. Тагыраагы Саймаити өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү жолтандабас Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык болгону белгилүү болду. Буга кошумча аталган автоунаада тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгон. Муну Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин башчысы Улан Дыйканбаев «Азаттыкка» ырастады:

- 2019-жылдын октябрь айынын аягында башкы консул Эркин Сопоков автотранспорт каражатына дипломаттык номурду кайтарып алуу жана каттоодон чыгаруу боюнча жоболорду бузуп, өзүнүн «Range Rover» үлгүсүндөгү автоунаасын «Ramadan Turizm» деген автосалонго сатуу үчүн берген. Ал эми бул автоунаанын кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлтүрүлгөн жерде болуп калганы жөнүндө түшүндүрмө берген алган жок.

ТИМдин өкүлү кошумчалагандай, Сопоков буга чейин да бир нече жолу эреже бузуп, ал үчүн эскертүү алган. Бул маалымат ачыкка чыккан соң президент Сооронбай Жээнбеков Эркин Сопоковду башкы консулдук кызматтан бошотту.

Эркин Сопоков ким?

51 жаштагы Эркин Сопоков эки жылдан ашык убакыттан бери Стамбулдагы башкы консул болуп иштеп келген. 10 миңден ашык кыргызстандык жашаган ири шаарга консулдук кызмат бул адам үчүн алгачкы дипломатиялык тажрыйба болчу.

Эркин Сопоков.
Эркин Сопоков.

Ал ага чейин Сопоков эмгек ишмердигин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык экени айтылган «Кыргызавтомаш» заводундагы айдоочулуктан баштап, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Сопоков дипломатиялык кызматка дайындалган учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен жакын мамиледе болгону айтылган.

Саймаитиге Кыргызстанда издөө жарыяланган

Ал ортодо Айеркен Саймаитиге быйыл сентябрда Кыргызстанда издөө жарыялаганы ачыкка чыкты. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Азаттыкка» кабарлады:

- Саймаити боюнча буга чейин ар түркүн иштер жүрүп келген. Мисалы, быйыл сентябрь айында ага издөө жарыяланган.

Буга чейин Финансы полициясы Саймаити жубайы экөө өздөрүн жеке ишкер катары каттаткан банк эсептери аркылуу жалпы 646 879 649 долларды чет өлкөлөргө жөнөткөнүн ырастаган. Ошентип Кыргызстанда издөөдө жүргөн адам кыргыз дипломатынын машинесин айдап жүргөн кезде киши колдуу болгону ачыкка чыкты. Окуянын мындай өнүгүшү Кыргызстанда көп суроолорду жаратып, талкууларга жем таштады.

«Үмүт 2020» кыймылынын негиздөөчүсү, мурдагы депутат Ширин Айтматова күмөндүү суроолор абдан көп экенин, бул боюнча бийлик так, даана жооп бериши керек экенин айтып чыкты:

Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова.

- Бул окуя Кыргызстанды абдан дискредитациялайт. Биздин коррупциялык саясий териштирүү эл аралык чөйрөгө чыкканынан кабар берет. Кыргызстандын жөнөкөй жарандары эмне болуп жатканы боюнча бийликтен чындыкты угушубуз керек. Жөн гана пресс-релиз берип койбой, атайын басма сөз жыйынын өткөрүп суроолорубузга жооп берсин. Саймаитинин окуясы - бул Голливуд триллери сыяктуу эле эл аралык жаңжал. Кайсы бир өлкөдө издөөдө жүргөн адам ошол өлкөнүн консулунун машинесин айдап жүргөнү кантип болсун?

Ширин Айтматова видео кайрылуу таратып, Түркиянын күч органдарына кайрылды. Анда активист Саймаитинин өлүмүн кылдат иликтеп, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулунун байланыштарын ачыкка чыгарууга чакырган. Ал «Ишкердин өлүмүнө кимдин кызыкчылыгы болгон?» деп суроо салган. Чынында эле Стамбулда киши колдуу болгон ишкердин өлүмүнө шектүү катары кыргызстандыктардын кармалышы да абдан көп суроону жаратууда.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул өлүм эми ар түркүн кептерге жол ачарын белгиледи:

- Саймаити деген эл аралык авантюрист экен. Албетте, ар кандай душмандары, ар кандай себептери болушу мүмкүн. Эмнеси болсо да бул Кыргызстандын ичинде сөз жаратат. Анын бир топ жылдар бою Кыргызстандан акча которуп жүргөнү ырасталган, бул жакта өнөктөштөрү бар экени айтылган.


Ал эми Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев консулдун шектүү иштерге аралышканы жалпы Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетирди деген пикирде. Депутат бул кырдаалды кылдат иликтеп, тиешелүү чара көрүүгө чакырды.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. Ошондой эле бул адамдар Кыргызстанда катталган Исмаил Матраимов атындагы фондго акча которгон. Аталган фондду түзгөндөрдүн бири, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов бул каражат жөнүндө кабары жок экенин айткан болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG