Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Лукашенко: Беларусь ЕБ менен кызматташтыкты жакшыртууга үмүттөнөт


Александр Лукашенко. Вена. 12-ноябрь, 2019-жыл.
Александр Лукашенко. Вена. 12-ноябрь, 2019-жыл.

Беларус Европа Биримдиги менен кызматташтыкты жакшыртууга үмүттөнөт. Бул тууралуу өлкө президенти Александр Лукашенко Вена шаарында Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен менен жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында билдирди.

Беларустун президенти адам укуктары корголушу керек экенин айтты.

Лукашенко Европа Биримдигинин аймагына соңку үч жылдан бери алгачкы жолу барды. 2016-жылы ал Италияда иш сапарында болгон. Ал өз өлкөсүн чейрек кылымдан бери башкарып келе жатат.

Батыш жана АКШ Беларуста авторитардык режим орногонун, жетекчиликти сындагандар куугунтукка кабыларын, адам укуктары сакталбай, шайлоолор таза өтпөй турганын айтып келишет.

Бирок кийинки жылдары Европа менен Беларусь Орусиянын таасирин басаңдатыш үчүн мамилесин жакшырта баштаганы айтылууда. Орусия - Беларустун эң негизги соода өнөктөшү.

Венадагы басма сөз жыйынында Лукашенко Австрияны «маанилүү саясий жана ишкер өнөктөш» деп атады.

Ал эми адам укуктары тууралуу суроого ал «Беларусь - тынч жана коопсуз шартта эс алса боло турган өлкө» деп жооп берди. (RK)

XS
SM
MD
LG